Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

БАКЫТ БЕШИМОВ: КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН АЛЫП ЧЫГАР САЯСИЙ ЭЛИТАБЫЗ ЖОК


Өлкөдө азыр өткөн аптада кабыл алынган Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын дурус жана буруш жактары кызуу талкууланып жаткан кез. Эксперттер менен саясатчылар Баш мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы өлкөдөгү чыңалган кырдаалдын басаңдашына шарт түзгөнүн белгилешкени менен, талаш - тартыштарды жараткан маселелер алдыда кайрадан чыгышы мүмкүн экенин айтышууда. Ушул маcелелер боюнча “Азаттык” менен саясат таануучу, “Демократиялык күчтөр биримдиги” партиясынын тең төрагасы, Бишкектеги Борбор Азия Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимов ой бөлүштү.

- Сиз дагы Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы өлкөдөгү саясий кырдаалдын кандайдыр бир деңгээлде турукташышына шарт түздү дегендердин катарында болсоңуз керек. Конституцияга бир топ жаңылыктар кирди, жакшы нерселер жазылды, эми маселе аткарылышында го?

- Маселе башка жагында. Мен өткөн окуяларды башкача баалайт элем. Биринчиден, биз чынын айтканда сокур жана дүлөй саясатчыларга байланыштуу граждандык согуштун босогосуна бардык, ошону баса белгилеп кетким келет. Экинчиден, Баш мыйзамды президенттик-парламенттик түрүндө кабыл алдык. Эми ошону жөнөкөй эле консенсустун негизинде шашпай кабыл алса болот эле. Эмне үчүн ушундай шашылыш түрүндө кабыл аланып калды? Анткени, бизди башкарып аткан саясий элита чынын айтканда Кыргызстанда азыркы учурда коркунучтуу экенин көрсөттү. Булар диалогду кура албайт экен. Эмне үчүн? Мисалы, биздин саясий жетекчилик оппозиция менен жумшак вариантында шашпай бардыгын чечмелеп кабыл алса болот эле. Убакыт жетиштүү эле. Аны жасабады.

Экинчиден, оппозиция дагы ушул жолго барганга мажбур болду, бирок кетсин деп атып өзүн тупикке коюп койду. Анын ордуна сунуштарды коюп, ошол вариантты диалогдун негизинде чечсе болмок эле. Ал да болбоду. Анын ордуна канча миң адам көтөрүлдү, турду, колдоду. Элибизге ырахмат. Бирок азыркы учурда саясий элита элди көтөрүп, аларды кагыштырганга алып барышы ыктымалдыгын да көрсөттү. Ошондуктан биздин калайык калкыбыз ушуну эске алып, ушундан терең жыйынтык чыгарса жакшы болот эле. Анткени эгерде азыркы учурдагы бизди башкарып бийликте отурган адамдардын, ошол эле кичинекей бир ууч оппозициянын лидерлеринин артынан бара берсе, Кыргызстан өнүкпөйт, өспөйт. Конституция боюнча айткым келет, бул компромистүү вариант болуп калды. Анда көп маселелер бар. Иши кылып биз президенттик формадан президенттик-парламенттик формага өттүк.

- Жаңы Конституциянын кабыл алынышы бийлик менен оппозициянын мындан аркы аракеттерине, мамилелерине түзөтүүлөрдү киргизе алабы?

- Жок. Бул убактылуу эле тынчыды. Бирок, мындан ары деле бул улана берет. Эмне үчүн дегенде, бул кандай десем, азыр биздин саясий бийлигибиз диалогду түзүп, консенсуска барганга дарамети жок экенин көрсөтпөдүбү. Жүз миң адамды көчөгө алып чыкканда гана ошондой жолго барганга мажбур болду. Ал көрүнүп эле турбадыбы. Экинчи жагынан болсо, оппозициянын дагы кээ бир лидерлери ушул маселени конструктивдүү жол менен алып барыштын ордуна “кетсин!” деген лозунг менен тупикке туруп калбадыбы. Ошон үчүн бул убактылуу эле. Жазында бул маселе менимче кайрадан күчөйт. Эмне үчүн күчөйт? Анткени, кечээ мен президенттин интервьюсун РТРден көрдүм, дагы эле жыйынтык чыгарылган жок. Ошол эле НТСти карагыла, ошол жерде дагы кандай материалдар кетип атат. Бул жагынан дагы бир топ маселелер бар. Ошондуктан саясий элитабыз азыркы учурда Кыргызстанды кризистен алып чыга турган эч потенциалы, мүмкүнчүлүгү жок экенин көрсөтпөдүбү.

- Эми кандай дейсиз, саясий маданият, саясий салт деген нерсе Кыргызстанда калыптана башташы керек го. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 15 жыл ашып калды дегендей?

- Тилекке каршы, бизде эмне болуп атат? Кыргызстанды ушундай кризиске алып барган эмне болуп атат? Биринчиден, кыргыз эли 15 жыл кокустан келген президент менен жашады. Азыркы учурда деле кокустан келген адамдардын жетекчилигинин алдында жүрөт. Андан тышкары, тилекке каршы, биздин саясий культурабыз ушуга алып барды жалпы кыргыз идеясын алып жүргөн адамдар саясий элитада, жалпы саясатта аз экенин ушул окуялар көрсөттү. Регион-регионго бөлүнүп кетти. Силердин ичиңерден чыккан деле журналисттер ошондой катмарга барбадыбы. Демократиялык духта тарбияланып, ошону терең сиңирип, жалпы улуттук идеяны көтөрүп турган адамдар аз экени билинип калды. Мына КТРдин деле саясатын карагыла, араңардан эле чыкпады беле ошол кишилер. Кыргызстандын коомчулугунда демократиялык ойлорго терең берилген, ошону принцип, философия катары түшүнгөн, анан азаттыкты өтө жогору баалаган адамдар саясий элитабызда көбөймөйүнчө бизде абал өзгөрбөйт.

Маектешкен Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG