Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

БИР ШАЙЛООНУН ИКАЯСЫ


Кыргызстандын Жогорку соту Борбордук шайлоо комиссиясынын № 39- Куршаб шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына Санжарбек Кадыралиевди каттоо тууралуу 5-октябрдагы чечимин күчүндө калтырды. Шайлоо комиссиясынын мындай чечими мыйзамга кайчы келет деп, Мамат Орозбаев Конституциялык сотко кайрылган.

Мамат Орозбаевдин айтуусунда, Борбордук шайлоо комиссиясы улам бир чечим кабыл ала берип, ушу тапта өзү кандай бүтүмгө келерин билбей отурат.

- БШК өзү кайра-кайра көп токтом чыгара берип азыр бaшы айланып калды. Азыр Куршабды «а» жана «б» деген эки округга бөлө тургандай ахывалга алып келип койду.

М. Орозбаев иштин кыйла татаалдашып, соттон-сотко өтүшүнө Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин 7-ноябрдагы чечими негиз берди дейт.

- Бул жерде кептин баары ушу И.Масалиевдин катына барып токтолуп турат. Жетисинде ал комитеттин атынан деп чечим чыгарып берип атпайбы. Мен тактадым жетисинде эч кандай иш күн болгон эмес, комитет да болгон эмес.

Куршабдык шайлоочулардын арбын добушун алган Санжарбек Кадыралиевди Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын 5-октябрында депутат деп каттаган. Бирок да анын чечимин эртеси күнү эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту жокко чыгарып, депутаттык мандат Мамат Орозбаевге берилген. Райондук соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган. 14-ноябрда Жогорку сот Биринчи май райондук соттун 6-октябрдагы чечимин жокко чыгарды. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы Санжарбек Кадыралиевди № 39-Куршаб шайлоо чөлкөмүнөн депутат деп каттады. Бул чечимди С.Кадыралиев мыйзам акыйкаттыгынын орнотулушу катары баалайт.

- Бул чындыгында мыйзам чегинде чечилди. 6-октябрдан 14-ноябрга чейин № 39- Куршаб шайлоо округунан эки депутат болуп турган. Азыр Жогорку сот Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин күчүндө калтырды. Ошондон азыртан М.Орозбаевдин депутаттыгы жараксыз, мандаты жараксыз.

Анын атаандашы Мамат Орозбаев мурда кылмыш, экономикалык талаштарды карап келаткан Жогорку сот курамы кимдир бирөөлөрдүн заказын аткарды деп билдирди.

- Бул жерде указ дейбизби, заказ дейбизби, кыскасы, ошол үчөө (Жогорку соттун судьялары – ред.) Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарып жатат.

Куршабдагы шайлоо чатагынын создугуп кетишине айрым бир таасирдүү күчтөр кызыкдар экендиги кээде айтылып келген. Мамат Орозбаев андай таасири күч кайсы жетекчи шайлоо жыйынтыгына кийлигишип жатканын айта албастыгын билдирди.

- Борбордук шайлоо комиссиясы, Жогорку сот кийлигише албаса бул ишке ким кийлигише алат? Ким алардын колу-жолун байлап, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга түртөт? Жогорку сот менен БШКга таасири күчтүү бирөө болуш керек. Мен бул А.Мадумаров деп айта албайм.

Кийинки кездери жер-жерлерде өтүп аткан парламент шайлоо жалаң чыр-чатактар менен коштолууда. Бир мандаттуу округдардагы талаш-тартыш кийинки шайлоода да улантыларын байкоочулар эмитен эле айтышууда. Башмыйзамдын жаңы редакциясы боюнча парламенттин 90 мүчөсүнүн тең жарымы дагыле жер-жерлерден шайланат.

Бекташ Шамшиев, Бишкек

XS
SM
MD
LG