Жогорку Кеңешти таркатуу демилгесин 24-марттан кийин «Эркиндик» саясий партиясы көтөрүп, ошондон бери кол топтоо аракеттерин улантып келатат. Депутат Камчыбек Ташиев болсо аракетин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин баштады.
"Урматтуу депутаттар! Биз Конституцияны кабыл алдык. Бирок бул Конституция биздин мамлекеттин келечеги үчүн иштебейт. Мамлекеттин келечегин аныктай албайт. Себеби бул Конституция өтө чоң карама-каршылыктарды жаратты. Ушундай түзүлгөн саясий абалга карата урматтуу депутаттар, мен сиздерден суранам. Бүгүндөн баштап бардыгыбыз, элибиздин-журтубуздун алдыга жылышы үчүн дей турган болсок. Биз үч жарым жыл ушул парламентте отурбайлы. Эгерде үч жарым жыл бул парламент иштей бере турган болсо, мамлекетибиз бир канча жыл артка кетет",-деп кайрылды Камчыбек Ташиев парламент жыйынында.
Депутат Болот Шерниязов бул демилгени саясий чайкоочулук катары сыпаттады. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Тайырбек Сарпашев парламентти өз алдынча таркатууга макул, бирок президентти шайлоонун жаңы мөөнөтүн дайындап, биринчи президенттик шайлоону өткөрүп туруп, анан таркап кетүү керек деп эсептейт.
Бирок, депутат Сарпашевдин өз кесиптеши көтөргөн жаңы идеянын ишке ашышынан күмөнү бар. Анын айтымында, парламент өзүн-өзү таркатышы үчүн элүү депутат кол коюшу керек: "Айрым депутаттар ушундай саясий окуялардан, саясий упай топтойм, деп парламентти таркатууга популисттик идея менен чыгып атат. Муну мен популисттик идеядан жогору көтөрүлбөгөн ой, деп айтаар элем.
Алгачкы демилгечи Топчубек Тургуналиевдин билдиргенине караганда, парламентти таратуу жаатында депутаттар тобу менен “Эркиндик” саясий партиясы бирге иш алып барып жатканы байкалат:"Ачык эле айтып койойун, айрым депутаттар менен ушул багытта иштеп атабыз. Өзүңөрдү өзүңөр таркаткыла, ансыз жол жок, деп айтып атабыз".
Тургуналиевдин пикиринде, парламентте экс-президентти колдогон «Алга Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү басымдуулук кылып, депутаттардын көпчүлүгү мыйзам чыгарууга жөндөмү, билими жетпейт.
«Реформа үчүн» кыймылындагы депутаттар мындай демилгеге каршы эмес экендигин маал-маалы менен айтып келатышат. Бирок, ал үчүн ириде Конституциянын жаңы редакциясына ылайык бир катар тиешелүү мыйзамдарга, ириде Шайлоо Кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептешет. Мындай пикирин бүгүнкү сессияда кыймылдын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов билдирди. Депутаттын баамында, мындай өзгөрүүлөрдүн соңунан президентти, парламентти кайра шайлоо, жаңы өкмөттү түзүү зарылдыгы келип чыгат.
Аманбек Жапаров, Бишкек