Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 04:29

АЗИЯ ОЮНДАРЫН УЮШТУРГАН КАТАРДЫН КӨЗДӨГӨНҮ ПАЙДА


Ушул жума күнү Азиядагы эң ири спорт иш-чарасы – Азия оюндары башталууда. Бул ирет Азия оюндары Перси булуңундагы бармак басымдай Катар өлкөсүндө өтөт. 45 өлкөдөн спортчулар катышкан Дохадагы мелдештер дүйнөдөгү жайкы Олимпиада оюндарынан кийинки эле эң ири спорт майрамы болуп калмакчы. Ошого жараша Азия оюндарына зор өлчөмдө каражат жумшалууда.

Азиялык оюндардын отун Кувейтте шаңдуу тосуп алышты. Бул оттун сапары ушул жума күнү Катарда, 15-Азия оюндарынын ачылыш салтанатында аяктамакчы. Андан кийинки 15 күндө Иран, Кыргызстан, Өзбекстан, Индонезия жана башка 40 чакты өлкө спорттун 21 түрү боюнча ат салышат. Кыргызстандан алардын арасында 150дөн ашык спортсмен болот.

Акыркы 30 жылда биринчи жолу Азия оюндары Жакынкы Чыгышта өткөрүлүп жатат. Уюштуруучулар Доха "өмүрүңүздөгү эч унутулгус оюн болот" деп убада беришүүдө.

Оюндар канчалык унутулгус болоорун убакыт көрсөтмөкчү, бирок ага сарпталган каражат чынында да эстен чыкпай тургандай бар. Коопсуздук чараларына байланышкан келишимдер эле 120 миллион долларды түздү. Ал эми мейманкана, стадион, жол жана убактылуу аба бекеттери сыяктуу инфраструктурага жана башка чыгымдарга Катардын өкмөтү дээрлик 3 миллиард каражат сарптады. Бул каражаттын 600 миллиону кинозал, машыгуучу жай жана мечети бар спортчулар айлына жумшалды. "Катар Трибюн" гезитинин спорттук баяндамачысы Раажив Трипартхинин айтымында, бул өзгөрүүлөрдөн улам Катар өлкөсү жашара түркөндөй болду.

- Өлкө бул оюндарга 2 миллиард 800 миллион доллар жумшап, аны иш жүзүндө континенттеги эң ири спорт иш-чарасына айландырууда. Бул акчанын басымдуу бөлүгү кооз жайларды, Азия оюндарынын көркүн ачкан спорт шаарчасын курууга жумшалды. Спорттун негизги түрлөрүнүн баарын бир чатырдын алдында өткөрүүгө зарыл шарт бар. Бардык жерде жолдор курулуп, бүт өлкөнүн сырткы келбети өзгөргөндөй болду.

Калкы болгону 850 миң кишини түзгөн өлкөгө бул чыгымдардын кайтарымы болобу деп сурашыңыз мүмкүн. Жакынкы мезгилден алып караганда, Доха билет сатыгынан, спонсорлук төлөмдөрдөн жана теле-көрсөтүү укугунан пайда көрөт. Евроспорт каналы аркылуу Азия оюндары тарыхта биринчи жолу Европада түз эфирден көрсөтүлөт. Бирок Трипатхинин айтымында, газга бай Катар биринчи кезекте келечекке инвестиция салып жатат:

Алар келечекте Катар ири спорт державасы болсун деген максат менен азыр ушунча акчаны чачып жатышат. Алар жаш спорчуларды ар кыл спорттун түрлөрүнө машыктыруу үчүн Эспае деп аталган академия ачышкан, эл аралык деңгээлдеги конок жайлары да бар.

Спорт жаатында Катардын болочокто көздөгөнү – 2015-жылдагы Азия чемпионатын, а балким андан бир жылдан кийин Олимпиада оюндарын да коноктоо. Катар ошондой эле спортту каржылоо менен, туристтерди жана көп улуттук компаниялардын инвестицияларын да тартууга үмүттөнүүдө.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG