Катышкан үч фирманын сунуштарынын бири да өкмөт тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген эмес, деп билдирди Байланыш боюнча улуттук агенттиктин жооптуу кызматкери Чыңгыз Бекташев бүгүн “Азаттыкка”. Жаңыдан тендер өткөрүүнү эми өкмөт чечет деп белгиледи Бекташев. Тендерге Непал, Сингапурдан фирмалар жана учурда Кыргызстанда иштеп жаткан Скай мобайл компаниясы катышкан.