Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

БРИТАН ТЕРГӨӨЧҮЛӨРҮ МОСКВАДА


Кечээ Москвага келишкен британ тергөөчүлөрү бүгүн ишке киришти. Алар адегенде британ элчилигиндеги мандемдүү делинген бир бөлмөнү текшерет,андан соң беш чакты кишини суракка алышат. Тергөө иштери бир нече күнгө созулат. ФСБнын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмүнө байланыштуу кырдаалды ашкере саясатташтыруу Лондон менен Москванын мамилелерине салакасын тийгизе турганын Россиянын тышкы иштер министри кечээ кайрадан эскертти.

Британиянын ички иштер министри Жон Рид болсо бу ишти тергеп-тескеп чыгууда россиялык бийликтердин жардамына жана кызматташтыгына үмүт кылган эле. Британ тергөөчүлөр бригадасы бүгүн Москвада башкы прокуратуранын жетекчилиги менен жолугушуп, эриш-аркак иштешкенге убадалашты. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу тараптар эч кандай маалымат беришкен жок.

Ал эми The Guardian гезитинин маалыматтарына караганда, Скотланд-Ярддын өкүлдөрүн Москвада британ элчилигиндеги бир бөлмө кызыктырып калды. Бу бөлмөдө россиялык бизнесмен Андрей Луговой, анын достору Дмитрий Ковтун жана Вячеслав Соколенко Лондондо Литвиненко менен кандайча жолугушканын британдык дипломаттарга айтып беришкен экен. Булардан тышкары тергөөчүлөр дагы эки кишини суроо-сопкутка алганы жатышат,бирок алардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Айтымда, алар да 1-ноябрда Лондондо Литвиненко менен жолугушкан.

Британ тергөөчүлөрү менен ФСБнын мурдагы полковниги,азыр түрмөдө жаткан Михаил Трепашкин да жолуккусу келерин жана аларга айта турган кептери бар экенин адвокаттары аркылуу кечээ билдирген эле. Бирок федералдык жаза өтөө кызматы буга уруксат бербей тургандыгын ырастады. Трепашкин өз мекенине чыккынчылык кылганы үчүн соттолгон, мындай адамды бир да өлкө чет элдик атайын кызмат өкүлдөрү менен сүйлөштүрбөйт, деп айтты федералдык кызматтын өкүлү.

Айрым басылмалар, алардын ичинде The Times гезити Литвиненко ФСБнын тапшырмасы менен ууктурулганынан британдык атайын кызмат өкүлдөрү шек санабай турганын жазып чыгышты. Бул үчүн өтө татаал схема колдонулган,мындайды болсо эл аралык операцияларды өткөрүүгө абдан маш болгон, профессионал адамдар гана ишке ашыра алат, деп жазат газета британдык атайын кызматтардагы булактарга шилтеме жасап. Полициядан тышкары азыр бул ишти иликтөөгө өлкөнүн чалгындоо мекемелери да киришти.

Лондондо дарыгерлер Литвиненконун сөөгүн туугандарына беришти. Анын таажиясы ушу аптанын этегинде болот деп жатышат.Экс-ФСБчынын атасы Валтер Литвиненко уулу мусулман динин кабыл алганын ырастап, буга эч кандай деле маани бербей турганын,анткени мусулмандар менен христиандардын сыйынар кудайы бир экенин белгиледи. Чечен сепаратисттеринин өкүлү Ахмед Закаевдин айтымында, исламга өткүсү келерин Литвиненко ооруканага жаткан биринчи күнү айтып, ага кайрылган экен. Закаев Литвиненко көз жумарда молдо чакыртып,ага ыйман түшүргөнүн,бирок жерге берерде айрым шарттардан улам кээ бир мусулман жөрөлгөлөрүн жасаганга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG