Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 12-декабрда Багдад шаарында удаасы менен эки жардыруу болгондон алтымышка жакын адам набыт кетти, дагы эки жүздөй киши жараат алды. Үстүбүздөгү жылдын февралында Иракта диний-аралык кагылышуулар башталгандан бери улам начарлап бараткан абалды айрым байкоочулар "ич-ара согуш" деп да мүнөздөй баштады.

Багдад шаарынын ишканалары же уюмдары күнүмдүк жумушка адам жалдайт жана борбордук аянттар менен көчөлөрдө эртең менен ар башка жерде көптөгөн адам чогулат. 12-декабрда андай чогулган адамдардын жанына бир жигит машине менен келип токтоп, өзүн өзү жардырып жибергенден көптөгөн адам курман болду.

"Эртең мененки саат жетиде жумуш күтүп жаткан адамдардын жанына бир жан кечти машине менен келип, жумуш убада кылган. Анын жанына эл чогулганда, ал өзүн өзү жардырып жиберген. Андан көп узабай, дагы бир машине жарылып кеткен, кеминде 56 адам дароо набыт кетти жана дагы эки жүздөн ашык киши жараат алды", - дейт билдирет Багдад шаарынан"Би-би-синин" кабарчысы.

Бул окуя - бир күндүн ичинде эң көп чыгашага алып келген террордук аракеттердин бири болду. Ирак полициясынын статистика бөлүмүнүн маалыматына караганда, октябрда Иракта 1200 карапайым адам окко учту, сентябрда өлгөндөрдүн саны болсо үч жарым миңге жетти жана айрым саясатчылардын пикиринде, мындай чыгашага алып келген кагылышууларды "ич-ара согуш" деп аташ керек.

Бардыгы болуп үч жарым жыл согуш ичинде канча карапайым адам курман болгону так белгисиз, Бириккен Улуттардын эсебине караганда, 60 миң адам өлдү, Ирактын айрым уюмдарынын маалыматтары боюнча, 40 миңден 50 миңге чейин адам набыт кетти, британиялык "Ланцет" медициналык журналы жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары болсо 600 миңден ашык адам өлгөн деп көрсөттү.

Америкалык аскерлер Иракта үч жарым жыл ичинде үч миңге жакын аскер жоготту, андан тышкары өлкөдө 125 британиялык аскер өлдү. Иракка аскер жиберген башка мамлекеттердин чыгашалары азыраак, мисал үчүн, Украинадан келген 33 аскер курман болсо, Казакстан Иракта бир аскер жоготту.

"Нью-Йорк таймс" гезитинин жазганына караганда, Иракта күн сайын бештен 35 адамга чейин барымтага алынат, согуш учурунда бардыгы болуп 290 чет өлкөлүк жаран барымтага алынган, алардын элүү төртү өлтүрүлдү, сексенге жакын кишинин дайыны эмгиче белгисиз.

Өлкөгө америкалык аскерлер киргизилгенден кийин Ирактын өкмөттүк аскери таратып жиберилген жана кийин чет өлкөлүк кадистердин жардамы менен жаңы куралдуу күчтөр түзүлө баштады, азыр алардын жалпы саны 300 миңден ашык, бирок өкмөттүк коопсуздук күчтөрү азырынча өлкөнүн бир гана провинциясын толук көзөмөлдөйт.

Анткен менен өлкө жетекчилиги жана калкы чет өлкөлүк аскерлердин Ирактан чыгып кетишин каалайт. World Public Union деген уюм сентябрда өткөргөн сурамжылоо көрсөткөндөй, суралгандардын 61 пайызы - чет өлкөлүк аскерлер Ирактан чыгып кетсе, абал оңолот деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG