Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ ТАРАТА АЛБАЙТ


(22-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү) - Өзүбүздүн элибизге, өзүбүзгө ачык айтып коюшубуз керек, президент ушуну алтынчы күнгө чейин кабыл алып бербесеңер мен силерди таратам деп коркутуп атат. Бул туура эмес. Президент Жогорку Кеңеш тарата албайт, президентти Жогорку Кеңеш кызматтан алып кое алат.

Сегизи күнү кечинде мен кыргызчылык кылып, Адахандар келип сурап үчтөн эки, 50 добуш менен аны кызматтан алуу нормасы бар эле, ушуну төрттөн үч деп суранып атат, жогору көтөрүп бергиле деди. Макул төрттөн үч болсун деп койдук. Кыргызчылык кылбаш керек. Мына ошон үчүн бизге бутун аарчып коркутуп атат. Эгер 50 добуш менен аны кызматтан ала турган болгондо силерди акасындай тосуп алат эле, сыйлайт эле. Мына көрдүңөрбү жөнөкөй норманы биз өзгөртүп коёбуз деп атабыз. Элди, мамлекеттик органды сыйлабай кыргыз кутуруп кетет, Бакиев эмес ар бирибиз кутуруп кетебиз. Ошон үчүн мамлекет түзгөндөр противовестерди, механизмдерди ойлоп тапкан. Мен силерди антиконституциялык жол менен таратам десе, биз аны кызматтан алып коюшубуз керек. Төрттөн үч добуш менен аны алганга биздин укугубуз бар, бул бир.

Адамда, лидерде моралдык, жигитчилик сапаты болуш керек аял болсо дагы. Силердин барыңарды чакырды жаңы төрагаларды баш кылып орунбасарларды, куттуктады, иштейм деди. Эки күндөн кийин эле чыгып булардын булардын 38 менен добуш алган чечимдери туура эмес, булар 46 менен добуш алыш керек эле. Эмнеге силерди чакырды, ошого чейин башы жеткен жокпу. Ушундай адам эки адамды башкара албайт, бүт бийликти жыйнап берсең дагы башкара албайт. Мына биз ушул жагын карашыбыз керек. Илгери биринчи секретарларда формалдуу түрдө СССРдин биринчи секретарларында формалдуу түрдө, Усубалиевде дагы бир да укук болгон эмес, бирок колхоздун башкармасынан кампачысына чейин, мектептин директоруна чейин ушулар коет болчу. Анткени авторитети бар, ошону менен иштөөнүн жөндөмүн билген. Эми мына президентке кошумча укуктарды берип атышат, сураныптыр, көп нерселерди берип атат. Ошону алып бүткүл дүйнөдө авторитетин кетирип, Кыргызстанда ушинтип алып авторитетин кетирип эмне кылат.

Менин аялым кечинде капа болуп атты, эми бул бийликти алып алса биз кандай кылабыз деп. Мен айттым “кемпир, өтүп кетсин, биз лицобузду сактап калабыз, калгандар уят болот” деп. Бул Бакиевге ашыкча кымындай да бийлик бербейт. Бакиевде Кыргызстанда болгон бийликтин баары бар, ал эмес анын укасы милициянын начальниктерин, акимдерди, орунбасарларын, кароолчуларына чейин коюп атат, мына Азимбек билет. Реалдуу бийлик жөнүндө сөз болуш керек. Мен ошондуктан Бакиевди колдоп ушуну акабызга алып берип койдук деген туугандарыбызга айткым келет. Туугандар бар, просто жазып уят кылбаш керек. Эл кандай кубанды, бүткүл дүйнө кубанды кыргыздар компромисске келип тарыхый ынтымак документин алды деп. Биз ошондо айтканбыз, Конституция бул тарыхый компромистик документ. Компромиске келип алып, өзү кол коюп, Адахан Кимсанбаевич чыгып "эл утту, биз уттук" деп айтып президенттин атынан, "Бакиев Акаевдин Констиуциясын жоготту" деп жер-жерлерге барып майрамдап, талкаладык деп. Кайра Акаевдыкын реставрация кылып, эски кийимди калыбына келтиргендей кылып аракет кылып атканы болбойт. Өзү айтпайбы мага ушундай кылып бергиле деп. Эмне үчүн силерди кол койдуртуп өзү ошол жакта турат. "Манты жеп аттым" дегендей болуп калат. Өздүк жоопкерчиликти ала алыш керек. Биз эртең уят болобуз, кол коюп алып чыгып караган биз уят болобуз. Элдер күлүп атат силерге эмне болду деп.

Конституция деген эптеп колду бурап кабыл алып коюп, ошону менен кете бере турган документ эмес. Бул коомдук ынтымак, коом кабыл алган, ынанган документ керек. Ошондуктан бул мыйзамды биз колдобошубуз керек. Абал оор. Биз компромис таап чыгып кете турган жол бар. Марат Абдразакович менен кечээ да ошол жолдорун сүйлөшкөнбүз, президентке да айтам дегендей болгон. Мен жаңжал чыккан күнү Алымбай Султановичке кайрылгам, президентке кирейин оппозиция катары эмес атуул катары, эч нерсе сурабайм, эч нерсе талап кылбайм, абалды түшүндүрүп берейин деп. Ака мунун сага эмне кереги бар, ансыз деле жасасаң болот да, жазып, бүт дүйнөгө шерменде болуп, Кыргызстанды экиге бөлүп, жазында эл кайра көтөрүлүп чыгып, кокуй бизде бул жерде турсак, кайра жасап алышты деп жазга чыкканга шылтоо берип эмне кыласыз. Сот бийлигиңди талкаласаң, Констиуциялык сот, өкмөт жок болсо, парламентти таратам деп атсаң, ким сени түртүп атат. Эмне үчүн Адахан, же Данияр, же башка жанындагылар болбойт, уят болуп атасың деп ачык айтпайт. Эгер алар айта албай атса, биз оппозиция барып ачык айталы, болбойт, тууган болгон үчүн эмес, өлкө үчүн болбойт. Бул бийликтин барын берсек, анысы деле бар соту да, прокурору да, милициясы да угат. Реалдуу бийлик турса өзү бүткүл Кыргызстанды уят кылып атат, мамлекеттүүлүктүн, жигитчиликтин, сөздүн авторитети кетип атат. Куттуктап алып комитеттерди, эртең силер нелигитимсиңер деп ал жерден жарыялап атат.

XS
SM
MD
LG