Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

УРА, АЙЫЛ БАНК ТҮЗҮЛДҮ!


Жыл аягында Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы Айыл банкы болуп түзүлдү. 27-декабрда аны Адилет министрлиги каттоодон өткөрүп, Улуттук банк иш жүргүзүүгө уруксат кагазын берди. Кыргызстандын 21-банкы айыл чарбасында иштегендерди каржылык жактан колдоо максатын көздөйт.

Ушул жылдын 21-декабрында Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясында жыйын өтүп, ага катышкандар Айыл банкын түзүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Андан аз өтпөй Кыргызстандын Адилет министрлиги жаңы каржы мекемесин укуктук жак катары каттоодон өткөрүп, Улуттук банк лицензиясын берген.

Айыл чарба финансы корпорациясын Айыл банкына айландыруу тууралуу кыйладан бери эле кеп болуп келаткан. Бул маселе өткөн жылкы кыргыз өкмөтү менен эларалык валюта корунун ортосунда кол коюлган меморандумда да атайы белгиленген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Турсун Турдумамбетовдун ырасташынча, Айыл банкы менчиктештирүү программасына ылайык келечекте сатыкка коюлат.

- Бул өзүнчө, жанагы «Кыргызтелекомду» кандай сатып атсак, энергетиканын кантип сатып атсак, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясына деле өзүнчө концепция даярдап, анан аны өкмөттө атайын бекитип, соңунда Жогорку Кеңеш менен макулдашып туруп гана менчиктештирүүгө барабыз.

Улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдин айтуусунда, Айыл банкынын жалпы коммерциялык банктар арасындагы үлүшү 8,2%, ал эми кредит баштыгы 20% жетет. Анткен менен кыйла эле кабелтең каржы булагы бар жаңы банктын айылдыктардын кредитке болгон муктаждыгын толук канааттандырганга чама-чаркы жетишпейт. Корпорациянын банкка айландырылышы мындан ары каржы булактарын табууга кадыресе өбөлгө түзөрүн Улуттук банк төрагасы атайын белгиледи.

- Алар ортомчу, коммерциялык банктар аркылуу эмес өз акчасына кыргыз өкмөтүнүн баалуу кагзадарын сатып алуу, сатуу мүмкүндүгүнө ээ болушат. Ошондой эле лицензиясынын негизинде кардарлардын, карыз алуучулардын улуттук акча менен банк эсебин ача алышат.

Ошентип Айыл банкы банк кызматына тийиштүү иштердин баарын жасай алат. Эң негизгиси, жаңы каржылык мекеме чет элдик банктар менен түздөн-түз иштөө, кардарларга ар тараптуу кызмат көрсөтүү мүмкүндүгүнө ээ болууда. Айыл банкы акционердик коомунун төрагасы Малабек Токтоболотов ушу тапта банктын 11 филиалы, 51 өкүлчүлүгү, 14 айыл өкмөтүндө чакан кредит берүүчү программасы иштеп жатканын маалымдады.

- Бизге уруксат кылынган операциялардын баарын толук аткарганга аракет кылабыз. Бүгүнкү күндө корпорацияда кредит алган 35 миңден ашуун кардарыбыз бар. Жүгүртүүдө турган 2 миллиард 80 миллион сом акча кредитке берилген.

Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы 10 жыл ичинде 800 миңден ашуун айылдыктарга чакан кредит берген. Ушу тапта анын 35 миң ашуун кардарлары бар. Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктан алынган 40 миллион доллар кредит өз маалында кайтарылып жатканын М.Токтоболотов кабарлады.

XS
SM
MD
LG