Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

АКШНЫН ИРАКТАГЫ ЖАҢЫ СТРАТЕГИЯСЫНЫН ПРЕЛЮДИЯСЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ушул аптада АКШнын президенти Жорж Буш Американын Ирактагы аскердик жетекчилигинде боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө жарыя кылды. Бул өзгөртүүлөр Американын Ирактагы жаңы стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

5-январда президент Буш отставкадагы вице адмирал Жон МкКоннелди Улуттук Чалгындоо Агенттигинин башчысы кылып дайындады, ал эми буга чейин бул мекемени башкарып келген Жон Негропонте тышкы иштер министринин орун басары болуп калды. Жума күнү Ак үйдүн өкүлү Тони Сноу журналисттерге берген маалыматында аскердик командачылыкта мындан ары боло турган өзгөрүүлөр жөнүндө да айта кетти.

"Андан сырткары Пентагон өлкөнүн коргоо министри Роберт Гейтстин сунушу боюнча жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат таратат. Генерал Жордж Кейси армия штабынын командачысы болуп калат. Генерал Жорж Петреус Ирактагы эл аралык антитеррордук күчтөрдүн командачысы болуп дайындалат. Адмирал Уильям Фалон отставкага кетип жаткан генерал Жон Абизаидддин ордуна борбордук командачылыкты мойнуна алат. Президент коргоо министринин сунуштарын жактырды жана аны аткарат", - деди Вашингтондогу Ак Үйдүн өкүлү Сноу.

Сноу ошондой эле бул өзгөртүүлөр Ирактагы тактиканын өзгөртүлүп жатканына байланыштуу экенин, ошону менен бирге эле буга командачылыкта иштеген айрым аскердик жетекчилердин отставкага кетип жатканы себеп болуп жатканын баса белгиледи.

Мурдагы коргоо министри Дональд Рамсфелддин кызматтан алынып, анын ордуна Роберт Гейтстин дайындалуусу менен аскердик башчылык эле өзгөрбөстөн, Ирак менен Ооганстандагы аскердик операцияларда айрым өзгөрүүлөр болду. Келерки аптада президент Буш Ирактагы жаңы стратегиясын жарыялап, Багдаддагы зордукчул аракеттерди тынчытууга багытталган тактиканы ачыктайт.

Анын аралыгында кечээ Ирактын премьер-министри Нури Малики Ирак аскерлери Багдадды көзөмөлгө алуу операциясын жакынкы күндөрдүн ичинде баштай турганын, аларга бул иште америкалык аскерлер көмөктөшө турганын билдирди.

Ирактагы сектанттар аралык араздашуулар менен террордук аракеттерди токтотуу үчүн Буш Иракка кошумча аскерлерди жиберүгө ниеттүү. Бирок, анын бул пландары ишке ашырылаары күмөн, анткени Конгрессттин эки палатасында тең көпчүлүк орундарга ээ демократтар буга караманча каршы. Көптөгөн демократ - конгрессмендер Иракка аскер жиберүүгө каршы экендиктерин жана америкалык салык төлөөчүлөрдүн капчыгынан каржыланып жаткан чыгашалуу Ирак согушунун тез арада аякташын каалап турганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG