Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

17:45 “ЭлТР» телекомпаниясынын көрсөтүүлөрүнүн эфирге чыгышына тоскоолдуктар болуп жатат


РПО-РМТР ишканасы «ЭлТР» коомдук телекомпаниясынын көрсөтүүлөрү 15-январдан тарта РТР телеканалынан берүүнү токтотууда. «ЭлТР» телекомпаниясынын башкы деректири Кадыр Кошалиев мындай чечимге каршы болуп, президент К. Бакиевге, мамлекеттик катчы А. Мадумаровго арыз менен кайрылды. Ал «ЭлТР» телекомпаниясынын программаларын РТР каналынан алып салууну өлкөнүн маалымат коопсуздугун түшүнбөгөн сабатсыз чечим катары сынга алган. К Кошалиев ошондой эле экинчи улуттук канал катары «ЭлТР» телекомпаниясынын көрсөтүүлөрүн бүтүн Кыргызстанга жеткирүү жөнүндө президенттин талап-тапшырмаларын аткаруу үчүн аны дециметрлик диапазондон метрлик диапазонго которуу дагы создугуп аткарылбай жатканын белгилеген. (KCh)

XS
SM
MD
LG