Мунун айынан чыккан чатакты айрым аналитиктер башкача түшүндүрүшүүдө. Москвадагы Улуттук Стратегиялык Институттун президенти Михаил Ремезовдун ишениминде «энергетикалык конфликт Орус-Беларус союздук мамлекетин куруу идеясын дээрлик жокко чыгарат».
Сергей Переслегин Санкт-Петербургда жашгайкан аналитикалык борорду жетектейт. Былтыр ал «Дүйнөлүк шахмат оюнун үйрөнүү жолдору» деген китепти чыгарды. «Азаттыктын» регионалдык аналитиги Виктор Ясманндын айтымында, бул китеп, кайсыл бир деңгээлде, америкалык Збигнев Бжезинскийдин 1997-жылкы китебине жооп иретинде жарык көргөн.
Анда дүйнөдөгү бир топ процесстер талдоого алынат. Алардын ичинде көңүлдү бурган нерсе – орус-беларус алакалары. Автордун ишениминде, көптөн бери айтылып келаткан Орусия-Беларус союздук республикасын түзүү идеясы канчалык жагымдуу болбосун, Кремль анын ишке ашышын артка жылдыра берет. Аналитик Ясманн: «Переслегин өзү Кремлге жакын адамдардан», - дейт, ошондуктан ал орус бийлигинин гана ой-максаттарын кайталап жатат. «Анын үстүнө, бул китепти Переслегин 2004-жылы эле жазып койгон экен. Бирок ал 2006-жылы гана жарык көрдү», - дейт Ясманн.
- Демек, бул Кремлдин сценарийи болгон деп айтсак болот. Алар эми гана аны басып чыгарышканынын себеби – Кремль бул сценарий боюнча бүт ишти алда качан эле аткарып бүткөн, - дейт Ясманн.
Сергей Переслегиндин оюнда, саясий да, экономикалык да мааниден алып караба, бүгүн Беларус толугу менен Орусияга көз-каранды. «Азаттыктын» аналитиги Виктор Ясманн Переслегиндин Беларус боюнча ойлорун жалпылап төмөндөгүчө жыйынтыкка келгенин айтат.
- Переслегин – орус элитасындагы көпчүлүк адамдардай эле «Орус имперниясын» курууну каалагандардын бири. «Бирок буга али эртелик кылат», - дейт автор. Чынында, китепте бир эле Беларус эмес, башка мамлекеттер да айтылган. Империяны куруу ишин качан баштоо керектигин Переслегин үч башка критерий менен баалады. Биринчиден, АКШ жана Евробиримдик Орусияга далысын бурбай турган мезгил келгенде гана башташ керектиги айтылат. Экинчиден, Орусия кошумча жерлерди өзүнө каратып алыш үчүн корото турган каражат ошол жерлер кийин бере турган пайдадан азыраак болушу керек. Ал эми үчүнчүдөн, жаңы империянын акыркы концепциясын иштеп чыгуу зарыл дейт автор. Переслегиндин айтымында, эгер бул ишти азыр эле баштай коюшса, мисалы, Беларус үчүн Москва өтө эле көп каражат жумшашы керек болуп калмак. Ошондуктан автор азырынча Орус-Беларус мамлекетин курууга эртелик кылат деген бүтүмгө келет, - деп түшүндүрөт «Азаттыктын» аналитиги Виктор Ясманн.