Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН ИРАК САЯСАТЫ КОНГРЕССТЕГИ КАРШЫЛЫККА ДУУШАР БОЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага 23-январда АКШ президенти Жорж Буш Конгресстин эки палатасынын биргелешкен жыйынында чыгып сүйлөп, өлкөдөгү абал жөнүндө билдирүү жасады. Анын айтымында, Ирактагы согушта Вашингтон сөзсүз жеңип чыгыш керек, андан тышкары, АКШ сырттан алынган мунайга болгон көз карандысыздыгын азайтууга тийиш. Конгресс мүчөлөрү президенттин Ирак саясатын сынга алды.

Ирак саясатындагы жаңы стратегиясын президент Жорж Буш мындан эки апта мурда, 10-январда жарыялаган. Анын айтымында, Иракты азыркы абалда калтырып, америкалык аскерлер өлкөдөн чыгарылып кетсе, Ирак гана эмес, бүткүл регион кризиске батат, Багдад шаарындагы куралдуу кагылышууларды токтотуу үчүн болсо, шаарга кошумча жыйырма бир жарым миң аскер жибериш керек.

23-январда президент элге кезектеги кайрылуу менен чыкканда, Конгресс мүчөлөрү партия-аралык тирешүүнү коюп, бирдиктүү аракеттениш керек жана алар Ирак боюнча жаңы стратегияны колдоого тийиш деп билдирди:

- Аскерий жетекчилер менен биз бардык мүмкүн болгон жолдорду карап чыктык. Акырында мен аракет көрүү керек деген чечимге келдим, анткени ошондо гана ийгиликке жетсе болот. Бул залда отургандардын көпчүлүгү түшүнөт - Америка Иракта утулбаш керек, эгер биз утулсак, анын кесепеттери оор болот жана алыска кетет, - деди Буш.

Анын айтымында, Иракта ийгиликке жетүүдөн маанилүү азыр башка маселе жок:

- Иракта хаос башталса, душман ого бетер күчтөнөт, ал үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат жана ал Америкага жаңы сокку урууга белсенет. Биз андай жолго түшсөк, анда 11-сентябрдын сабактарын унуткан болобуз жана кырсыкты өз башыбызга өзүбүз чакырабыз. Азыркы учурда АКШ тарыхындагы эң маанилүү нерсе - Жакынкы Чыгыш менен Иракта Америка ийгиликке жетиш керек жана биз Америка элин коркунучтан сактап калыш керекпиз, - деп айтты президент.

Конгресстеги Демократиялык партия өкүлдөрүнүн атынан сенатор Жеймс Вебб сүйлөдү жана президенттин стратегиясын ал ката деп атады:

- Президент бул согушту алды-артын ойлобостон баштады. Перс булуңундагы биринчи согушка катышкан коопсуздук боюнча кеңешчилердин, аскерий ордонун башчысынын, Ирак үчүн жооптуу Борбордук аскерий башкармалыктын эки мурдагы жетекчисиинин, башка көптөгөн тажрыйбалуу адистердин айтканын ал эске алган жок. Азыр биз, бүткүл Америка эли, мурда күтүлгөндөй эле, Ирактагы баш-аламандыктын барымтасына алындык, - деди сенатор.

Анын айтымында, президент Буш өзүнүн өжөрлүгүн таштап, Иракка жаңы аскер жибергендин ордуна маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө киришүүгө тийиш, ошондуктан Сирия жана Иран менен дагы сүйлөшүш керек. Ирак саясатын өзгөртөм десе, демократтар президентти колдоого даяр, эгер ал жол таппай жатса, биз ага жол да көрсөтө алабыз деди сенатор Вебб.

24-январда Конгрессте жаңы эки резолюциянын долбоору талкуулана баштады, аларга ыйлайык, Иракка кошумча аскер жиберүүнүн кажети жок. Президенттин Республикалык партиясынын айрым мүчөлөрү дагы Буштун Ирак саясатына каршы чыгууда. Алты жыл президент болгондон бери Жорж Буш Конгрессте мынчалык катуу каршылыкка дуушар болгон эмес.

XS
SM
MD
LG