Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов ракетадан коргонуу аймактарын Польша жана Чехияда орнотуу планы үчүн АКШны сынга алды. Америка тарап бул аймактар Иран жана Түндүк Кореядан келип жаткан ракеталык чабуулдардан коргонуу үчүн тандалып алынганын билдирди. Бирок Сергей Иванов Иран жана Түндүк Корея Европага чейин жете ала турган ракеталарды курууга мүмкүнчүлүгү болгонунан күмөн санаарын айтты.