Мындай маалыматты Кыргызстандагы ишкерлер биримдигинин президенти Чыныбай Турсунбеков билдирди. Курултайда ишкерлердин бүгүнкү абалы, алардын коомдогу орду жана өлкөнүн саясий-экономикалык турмушуна кошуп жаткан салымы тууралуу маселелер талкууланмакчы. Мындан тышкары Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө бут тосуп жаткан кээ бир факторлор тууралуу да сөз болуусу күтүлүүдө. Ал эми президенттин маалымат кызматы курултайга мамлекет башчысы Курманбек Бакиев катышарын кабарлады.
Ушул тапта ишкерлер биримдигинин 10 миңден ашуун мүчөсү бар.
Ушул тапта ишкерлер биримдигинин 10 миңден ашуун мүчөсү бар.