Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Германия Иран өкмөтүн төрт араб эрегишчилерин дарга аскандыгы үчүн сынга алды. Тегерандын өлүм жазасын колдонгондугу үчүн Германия өкүнүч билдирет деп айтылат билдирүүдө. Төрт эрегишчи 24-январда Ирандын түштүк-батышындагы Ахваз түрмөсүндө дарга асылган.