Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:52

Түркия сыналгысы журналистти өлтүргөн жигитти баатыр катары көрсөттү


Түркия полициясы кечээ күнү жергиликтүү сыналгы каналына каршы иликтөө баштады. Ыстанбул шаарында 19-январда армян гезитинин баш редактору Грант Динк атып өлтүрүлгөн жана эки күндөн кийин кармалган 17 жаштагы Өгүн Самаст деген жигит - журналистти ал өлтүргөнүн мойнуна алган. Бирок сыналгы каналы ал жигитти Түркия улуттук туусунун жанында колуна Түркия желегин кармап турганын көрсөткөн жана ал - Самастты улуттук баатыр катары көрсөтүү деп түшүнүү мүмкүн.

 

XS
SM
MD
LG