Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮРКМӨНСТАНДАГЫ ЖАНА УКРАИНАДАГЫ ЭЛЧИЛИКТЕРИН ЖАБУУ КЕРЕКПИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы айрым саясатчылар өлкөнүн Түркмөнстандагы жана Украинадагы элчиликтерин жабуу маселесин козгошууда. Бирок, мамлекеттин тышкы саясий башкармалыгы мындай пикирлерге кошулбайт. Серепчилер болсо кайсы бир өлкөдө элчиликтин жабылышы эки тараптуу мамилелерге да кесепетин тийгизээрин эскертишүүдө.

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар өлкөнүн бюджетинин тартыштыгынан улам Түркмөнстан менен Украинадагы элчиликтерди жабууну сунушташууда.

Алардын пикиринде, бул өлкөлөр менен Кыргызстандын ортосунда тыгыз экономикалык алакалар түзүлбөгөндүгүнөн улам, элчиликтердин да зарылчылыгы жок.

Мындай көз карашын Жогорку Кенештин вице-спикери Тайырбек Сарпашев да билдирди:

- Биздин өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, Түркмөнстандагы, Украинадагы элчиликтерибизди жапсак максатка ылайык болоор эле. Биз азыр экономикалык жактан өлкө үчүн эң пайдалуу мамлекеттерде гана элчиликтерибизди ачышыбыз керек. Бул өлкөлөрдүн ордуна мисалы, араб өлкөлөрүндө, Европа өлкөлөрүндө элчиликтерди ачсак туура болмок .

Вице-спикердин мындай пикирине айрым башка саясатчылар да кошулууда.

Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун мындай дейт:

- Менимче, Кыргызстанга Түркмөнстанда элчиликтин кереги жок. Анын үстүнө бул өлкөдөгү режим да дүйнөгө жакшы белгилүү. Украинадагы элчиликтин, деги эле алыскы мамлекеттердеги элчиликтердин канчалык зарылдыгы бар экендиги боюнча маселени карашыбыз керек. Бюджеттеги каражаттар чектелүү экендигин эске алууга тийишпиз .

Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул эки өлкөдө тең Кыргызстандын элчиликтерин ачуу маселеси өз убагында салмакталып, өлкө үчүн пайдалуу жактары да каралып, чечилгендигин белгилөөдө:

- Элчиликтер дагы жетишпейт. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги абдан керек. Бул өлкөдө мунай, газ бар. Алар азыр Кытайга газ сатуу маселесин карап жатышат. Эгерде биздин өлкө аркылуу газ экспорту уюштурулчу болсо, анда Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу болот. Ошондуктан, бул өлкөдө элчилик келечекти ойлоп туруп ачылган. Украина менен да карым-катнаш күчөгөнү турат. Бул өлкө абдан бай, чоң мамлекет. Анын Европага, Россияга таасири маанилүү.

Кыргызстандагы бир катар саясатчы, серепчилер эл аралык тажрыйбада тигил же бул өлкөдөгү элчиликти жабуу өтө орчундуу себептерге, анын ичинде эки тараптуу мамилелердеги келишпестиктерге байланыштуу болорун белгилешүүдө.

Бул тууралуу саясат таануучу жана Кыргызстандын Түркиядагы мурдагы элчиси Медеткан Шеримкулов да айтты.

Медеткан Шеримкулов белгилегендей, эл аралык дипломатиядагы эрежелерге ылайык, Кыргызстан кайсы өлкөдөгү элчилигин жапса, ал мамлекет да Бишкектеги элчилигинин ишин токтотот:

- Эгерде биз Украинадагы элчилигибизди жапсак, Киев да алардын Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабат. Түркмөнстандагыны жапсак, алар да ушундай эле кадам жасашат. Негизи ачылган элчиликтерди жабыш татаалыраак. Азыр Ашгабаттагы элчиликти жапканда туура болбой калат. Себеби, Сапармурад Ниязовдон кийин Түркмөнстандын саясаты кандай багытта жүргүзүлөөрүн караш керек. Украина болсо мына НАТОго киребиз деп турат. Анын Россия менен, башка мамлекеттер менен мамилелери кандай болоорун байкашыбыз керек. Айтор, элчиликтерге байланыштуу маселе абдан татаал маселе, ал дипломатиялык кылдаттыкты талап кылат.

Серепчилер ошондой эле Украина азырынча Кыргызстанга болгон 27 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын тааныбай жаткандыгы да эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге залакасын тийгизбеши керек жана бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу абзел деп белгилешүүдө.

Белгилей кетчү жагдай, ушул айда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери борбордук мекемеге (министрликке) аткарган иштери боюнча өз баяндамаларын (отчетторун) беришет.

Буга чейин элчиликтердин иши алар аркылуу мамлекетке тартылган инвестициялар боюнча да өлчөнөт деп айтылган.

XS
SM
MD
LG