Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

ПАЛЕСТИНАДА КАСТАШКАН ТАРАПТАР ДАГЫ БИР СҮЙЛӨШҮҮ ӨТКӨРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага 7-февралда Мекке шаарында Палестинадагы касташкан тараптардын жолугушуусу башталууда. Төрага Махмуд Аббас жана Палестина парламентин көзөмөлдөгөн ХАМАС уюмунун жетекчилери ортосунда кезектеги келишим түзүлүүгө тийиш, бирок ал бекем болооруна эксперттер көп ишенбейт.

Палестина автономиясынын төрагасы Махмуд Аббастын ФАТХ уюму менен парламенттеги көпчүлүккө ээ ХАМАС уюмунун куралдуу топтору ортосундагы кагылышууларда декабрдан бери сексенге жакын адам набыт кетти. Тараптар ортосунда улам жаңы келишим түзүлөт, бирок коюлган колдун сыясы кургай электе алардын куралдуу топтору ортосунда жаңы кагылышуу чыгат.

Көптөгөн эксперттин пикиринде, бир-бири менен келишимге келип, бирдиктүү саясат жүргүзө албаган палестиналыктар кошуна Израил менен сүйлөшүп, өзүнүн чектелген автономиясын эгемендүү мамлекетке айланта алаары өтө күмөн.

Мурдагы төрага Ясир Арафат каза болгондон кийин анын ордун Махмуд Аббас басып, андан соң былтыр өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ХАМАС уюму жеңип чыккандан кийин Палестинадагы абал өтө начарларды. ХАМАСты террордук уюм деп эсептеген Батыш мамлекеттери ал түзгөн өкмөткө жардам көрсөтүүнү кескин кыскартты, Иран сыяктуу мамлекеттерден ХАМАС алган жардамдын Палестинага келишине болсо ФАТХ уюму тоскоолдук түзүүдө жана эки уюмдун куралдуу күчтөрүнүн ортосунда такай кагылышуулар чыгат.

Мындай абалда Сауд Арабиянын падышасы Абдулла ибн Абдел Азиз өткөн аптада эки тарапка кайрылып, Мекке шаарында сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады жана төрага Махмуд Аббас менен ХАМАС уюмунун саясий жетекчиси Халед Машаал 7-февралда Сауд Арабияга келди. Сүйлөшүүгө - ХАМАС түзгөн Палестина өкмөтүнүн жетекчиси Исмаил Хания жана башка саясатчылар да катышууда.

Машаал менен Аббас буга чейин 21-январда Дамаск шаарында жолугуп сүйлөшкөн. Эки тарап көптөн бери улуттук биримдик өкмөтүн түзүү аракеттерин көрүүдө, анткени ошондо гана АКШ менен Европа Биримдиги Палестинага жардам көрсөтүүнү кайрадан уланта турганын билдирген.

Бирок эки тарап келишимге келип, кандай документке кол коюлса дагы, Палестинанын өзүндөгү кастык маанайды жок кылуу оңой эмес. 6-февралда ХАМАС уюмунун мүчөсү Муаин Мдайрис Газа шаарында "Рейтер" агенттигине минтип билдирди: "Бүгүн биз ФАТХтын дагы, ХАМАСтын дагы уулдарын бир моргго жеткирип жатабыз, алардын сөөгү бир жерде жуулуп жатат, эки башка тажыяга ошол эле адамдар келип жатат, анын баары - биздин коом чындыгында бир экенин көрсөтөт. Бирок жалпы абал азыркы касташкан маанайдагы бойдон калса, келечекте Палестина бирдиктүү болбой калышы мүмкүн", - дейт Муаин Мдайрис.

Эки саясий күч эки башка булактан жардам алып жатканы дагы абалды мүнөздөйт. Жакында Дүйнөлүк банк төрага Аббастын кыймылына 25 миллион доллар жардам бөлүп берди, "Рейтер" агенттиги билдиргенге караганда болсо, АКШ өкмөтү Аббастын куралдуу күчтөрүн машыктыруу үчүн 86 миллион доллар жардам көрсөтүү маселесин караштырып жатат. Мындай абалда ХАМАС уюму жардам үчүн Иран жана Сирия сыяктуу мамлекеттерге кайрылууда.

XS
SM
MD
LG