Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП БАШЧЫСЫ КАМАККА АЛЫНДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Уюшкан кылмыштуу топтун башчысы деп шектелип, бирок Жогорку Кеңештин депутаты Арапай Төлөновдун кепилдиги менен эркиндикке чыгарылган Кубат Ашымов 11-февраль күнү башка айыптоо менен кайрадан камака алынды. Коомчулукта Жогорку Кеңештин депутатынын уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп шектелген адамды эркиндикке чыгарууга кепилдик берүүсүн мыйзам чыгаруучунун абийирине туура келбеген жорук катары айыпташууда.

Өткөн жуманын башында атайын эрежелерди бузуу менен Оштогу тергөө абагына автоунаа менен эркин кирип кайрадан чыгып бара жаткан жеринен кармалган Кубат Ашымовго мыйзамсыз курал алып жүргөн жана ири өлчөмдө салык жашырган деген айып коюлуп камакка алынган эле. Андан көп өтпөй эле Жогорку Кеңештин депутаты Араппай Төлөновдун кепилдик каты Ош шаардык сотунда каралып, уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп шектелген Кубат Ашымовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Өтө олуттуу кылмышкер деп шектелген адамга карата мыйзамчы депутаттын жана соттун мамилесин коомчулукта айыптаган пикирлер орун ала баштады:

- Коопсузудугубузду, дегеле биздин келечегибизди ойлогон адамдардын ушундай жасаган иш аракетинен кийин өзүңдө деле коркуу сезим болот экен. Себеби биз аларга ишенип, мыйзамды ушулар бизге коргоп берет деп турсак булардын мындай аракетинен кийин ишенбөөчүлүктөн дагы коркуу сезими болот, - деди жергиликтүү талдоочу Гүлжан Ажыматова.

Уюшкан кылмыштуу топтун лидери деп шектелип жүргөн Кубат Ашымов соттун чечими менен бошотулгандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны экинчи бир башка айыптоонун негизинде кайрадан камакка алышты. Аталган айыптоо боюнча Ашымов бир жеке ишкерди карактаган деп шектелүүдө:

- Ашымов Кубатты башка кылмышы боюнча Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу жайына киргизди. Болбосо жеке ишкер, Ош шаарынын жашоочусу Арстанбеков Алмазды коркутуу жолу менен 27 миң доллар алгандыгы боюнча бүгүнкү күндө кайрадан кармалды, - дейт Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс кызматынын ага инспектору Жеңишбек Аширбаев.

Ал эми «Ак жүрөк» бейөкмөт уюмунун төрайымы Дарика Асилбекова кылмыш дүйнөсүнүн өкүлүнө кепилдик берип коргоого алган мыйзамчы депутат Араппай Төлөновдун иш–аракетине парламентте тиешелүү баа берилиши керек деген оюн билдирди:

- Биз ишенген депутаттар ошол ишти кылып аткан болсо мен эч нерсе деп айта албайм. Себеби биздин жаңы өсүп келаткан чөйрөгө тескер таасирин тийгизип атат. Аларды коё берсе ким кепил боло алат эртең жаңы кылмыш жасабайт деп.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда бүгүнкү күнгө карата атайын операциялардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү деп шектелген он эки адам кармалды.

XS
SM
MD
LG