Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

ИРАНГА КАРШЫ СОГУШ ДАЯРДАЛЫП ЖАТАТ ДЕГЕН СӨЗДӨРДҮ ПРЕЗИДЕНТ БУШ ЖОККО ЧЫГАРДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Акыркы апталарда дүйнөлүк маалымат каражаттарында - Вашингтон Иранга каршы согуш башташы же аскерий сокку урушу мүмкүн деген пикирлер кеңири айтылууда. Бирок президент Жорж Буш аны - куру сөз деп атады.

Ал маселе маалымат каражаттарында гана эмес, АКШнын Конгрессинде да талкууланган жана ноябрдан бери Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүктү колго алган Демократиялык партиянын өкүлдөрү Иранга карата күч колдонууга каршы. Америкалык өкмөт болсо акыркы апталарда Иранды күнөөлөп, кошуна Ирактагы куралдуу кагылышууларга Тегерандын адистери жашыруун түрдө жардам көрсөтүп, шийи лашкерлерин курал менен жабдып жатат деп айтып келет.

Маселе 12-февралда АКШнын "Си-Спэн" деген сыналгы каналында да талкууланды жана ал сыналгыга президент Жорж Буш интервью берип, Иранга каршы согуш башталышы мүмкүн деген пикирлер жөн гана куру сөз деп билдирди:

"Президент согуш баштоого даярданып жатат деген ар башка сөздөргө менин мамилем, менин оюмча, мындай болуш керек. Биринчиден, мен андай тактиканы түшүнбөйм жана, менин пикиримде, ал - жөн гана саясат. Бир жагынан алганда, мен ишенем, Конгресс мүчөлөрү жана өзгөчө оппозициялык партиянын өкүлдөрү - Иран өзөктүк куралга ээлик кылса, ал канчалык коркунучтуу болоорун түшүнүш керек. Ошол себептен, маселени чечүү үчүн биз баарыбыз биргелешип аракеттениш керекпиз", - деди Буш.

Анын айтымында, бардык мүмкүн болгон дипломатиялык чаралар көрүлүш керек жана күч колдонуу - эң акыркы гана айла: "Бардык негизги маселелер дипломатия аркылуу чечилүүгө тийиш. Башкача айтканда, күч колдонуу - проблеманы чечүүдөгү акыркы айла. Жана мен ишенем, бул маселени дипломатиялык ыкма менен чечүү үчүн дагы мүмкүнчүлүктөр бар, анткени дүйнөнүн көпчүлүгү - Иран өзөктүк куралга ээ болгонунун канчалык коркунучтуу экенин түшүнөт. Ошондуктан биз анын үстүндө иштеп жатабыз жана Иран режимине дипломатиялык жолдор аркылуу басым кылып жатабыз", - деди президент Буш.

АКШнын жаңы коргоо министри Роберт Гейтс дагы 2-февралда - Вашингтон Иранга каршы согуш баштоого даярданган жок деп билдирген.

Анткен менен Америка согуш башташы мүмкүн деген сөздөр баары бир токтогон жок. Январдын башында президент Буш - Перс булуңуна "Стеннис" деген дагы бир учак конуучу кеме жиберүү жөнүндө чечим кабыл алган. Башка бир андай кеме - "Дуайт Эйзенхауэр" - региондо мурда эле бар болчу, ар бир андай кемени дайым суу алдында жүрүүчү эки кеме жана жети жөнөкөй кеме коштоп жүрөт, анын үстүндө көптөгөн учак жана тик учма коно алат, бардыгы болуп болсо анын айланасындагы топко 16 миң аскер кирет. Көптөгөн эксперт аны - баштала турган согушка көрүлүп жаткан даярдык деп чечмелеген.

Башкалардын айтымында, Иранга каршы аскерий сокку урууга Вашингтонду Израил түртүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, жөөт аскерлери өздөрү да аскерий даярдык көрүп, атайын машыгуу өткөрүүдө. Бир кезде Ирактын Осирак деген шаарында Франция өзөктүк реактор куруп бергенде, жөөт учактары Ирактын аба мейкиндигине кирип, аны 1981-жылы бомбалап жок кылып салган.

XS
SM
MD
LG