Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

ӨЗГӨНДӨ КЫТАЙ ЖАРАНЫ ТЕРРОРИСТТИК УЮМ ТҮЗДҮ ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Өзгөн шаарында "Шак" деген аталыштагы террористтик уюмду уюштурган деп шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн кытай жараны Мухаммедали Турсунталип кармалды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда 1977-жылы туулган кытай жараны Мухаммедали Турсунталип мындан мурун да Кыргызстандын чегарасын мыйзамсыз бузуп өтүп, жашыруун уюм түзүүгө аракет кылган деген шек менен кармалып, бирок жаза өтөө жайынан качып чыккан:

- Бул адам 2006-жылы 19-ноябрда жаза мөөнөтүн өтөп жатканда Ысыккөл облусунун Чолпоната шаарындагы №44 колония-поселениеден качып чыккан. 2006-жылдын 21-ноябрынан баштап бул адам атайын издөөгө жарыяланган. Биздин оперативдик маалымат боюнча 2007-жылы январь айында Кытай Республикасынын жараны Мухаммедали Турсунталип Өзгөн шаарында жүрөт деген маалымат болуп, артынан атайын оперативдүү иш чаралар жүргүзүлүп, 12-февраль күнү кармалды, - деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-кызматынын ага инспектору Жеңишбек Аширбаев.

Ал эми Ош шаарындагы уйгур диаспорасынын өкүлү кыргыз жараны Маамед Жапар буга чейин да Кыргызстандын ички иштер органдары тарабынан жасалма кылмыш иштери менен кармалган уйгур ишкерлери болгондугун айтып, кылмышкер менен жөн-жай адамдын айырмачылыгы туура талдоого алынган айкындуулуктун болушуна ишенерин билдирди:

- Мындайлар көп кайталанат, фактылар болсо жок, же ишенчиликтүү эмес. Кээ бир учурда Кытай өкмөтүнүн саясий буюртмасы болгон учурлар да жашыруун эмес. Канткен күндө да жараткан тарабынан адилеттүүлүктүн жана айкындуулуктун болушуна ишенем.

Ошол эле учурда жергиликтүү коомчулукта кийинки кездери экстремисттик маанайдагы жашыруун уюмдардын аракеттенип жаткандыгы байкалаары белгиленип, мындай көрүнүштөргө чечкиндүү чара көрүү зарылдыгы айтылат:

- Анткени бүгүнкү күнү Кыргызстандын өзгөчө түштүк аймактарында күч органдары тарабынан колго түшүрүлүп жаткан ушундай уюмдардын өкүлдөрү партиялардын үгүт баракчаларын таркатып аткан жеринен, курал-жарагы менен колго түшүп атат. Эмне үчүн курал-жарак алып жүрөт деген суроо туулат. Албетте террак актылары уюштурулушу толук мүмкүн. Мындан кутулуунун жолдорун издеш керек, - деди Ош шаарынын тургуну Нурдин Келдибаев.

Ош облусук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңишбек Ашырбаев учурда колго түшкөн кытай жараны Мухаммедали Турсунталиптин калган үч шеригин кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG