Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

ОРУС ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРИ ЖАРАНДАРДЫН СУРООЛОРУНА ТҮЗ ОБОДО ЖООП БЕРЕТ


Нарын АЙЫП, Прага 2008-жылдын мартында өтө турган шайлоодо Орусия президенттигине талапкер болот деп айтылып келген биринчи вице-премьер министр Дмитрий Медведев бүгүн Маскөөдө интернет аркылуу орус жарандарынын суроолоруна жооп берет.

Интернет аркылуу акыркы күндөрдө биринчи вице-премьер министр Дмитрий Медведевдин атына келип түшкөн суроолорго жооп берүү "Известия" гезитинин редакциясында Бишкек убактысы боюнча кечки саат жетиде башталат жана түз ободо жүргүзүлөт.

"Cуроолор акыркы бир аптанын ичинде интернеттеги үч сайт аркылуу жөнөтүлгөн жана Маскөө убакытысы боюнча он алты нөл-нөлгө чейин дагы суроо кошуу мүмкүн", - деп билдирди 5-мартта эртең менен Орусиянын мамлекеттик сыналгысы.

Суроолор негизинен - Медведев көзөмөлдөгөн төрт улуттук программа боюнча болот, ал программалар - ден соолук, билим берүү, жарандарды үй менен камсыз кылуу жана айыл чарбаны өнүктүрүү менен байланышкан. Бардыгы болуп дүйшөмбү күнгө чейин Медведевке алты миңден ашык суроо келип түшкөн, алардын көпчүлүгү - эки миң эки жүздөн ашыгы - үй маселеси менен байланыштуу. Белгилүү журналист Антон Носиктин айтымында, курч суроо болбой тургандай.

Эксперттердин пикиринде, маселе - биринчи вице-премьер ал суроолорго эмне деп жооп бере турганында эмес, суроолорго мындай жооп берүү мынчалык деңгээлде уюштурулуп жатканында, анткени Дмитрий Медведев - 2008-жылы өтүүгө белгиленген президенттик шайлоого катыша турган негизги талапкерлердин бири.

Президент Владимир Путин өзү журналисттердин же карапайым жарандардын суроолоруна жооп берүү үчүн ири жыйындырды өткөрүп, аны шоуга айлантып жаткандыктан, Медведевдин дагы ошондой окуя уюштурганы анын президенттикке талапкер экенин дагы бир жолу өзгөчө белгилейт, - дейт байкоочулар,

Мурда президенттик администрацияны башкарып келген Медведев биринчи вице-премьер болуп былтыр дайындалган. Саясат таанучулар дагы бир негизги талапкер деп атаган коргоо министри Сергей Ивановду Путин үстүбүздөгү жылдын февралында дагы бир биринчи вице-премьер кылып дайындады, бирок ал элдик суроолорго мынчалык кеңири түрдө азырынча жооп бере элек.

Медведев менен Путин Санкт-Петербургда 1990-жылдарда таанышкан. Путин ал кездеги мэр Анатолий Собчактын орун басары болуп жүргөндө Санкт-Петербург университетинин укук факультетинде иштеген Медведевди өзүнө кеңешчи кылып алган. Собчак кызматынан 1996-жылы кеткенде, Медведев кайрадан юрфакка кайтып барган, бирок кийин Путин Маскөөгө которулганда, Медведевди дагы чакыртып алып, аны өзүнүн президенттик администрациясынын башчысы кылып алган.

Анткен менен, америкалык "Нью-Йорк таймс" гезити жазганга караганда, Медведев жана Ивановдон тышкары президенттик кызмат үчүн Санкт-Петербургдун губернатору Валентина Матвиенко, Орусиянын темир жол кызматын башкарган Владимир Якунин, президенттик администрациянын азыркы башчысы Сергей Собянин, Кавказ регионундагы президенттин өкүлү Дмитрий Козак жана башкалар дагы атаандаш болуп чыгышы мүмкүн. Бирок азырынча Медведев менен Сергей Иванов негизги талапкерлер.

XS
SM
MD
LG