Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

РОССИЯДАГЫ ШАЙЛООНУН АЛГАЧКЫ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫКТЫ


Бүгүн Россиянын 14 регионунда жергиликтүү мыйзам чыгаруу бийликтерине өткөрүлгөн шайлоонун алдын ала жыйынтыгы белгилүү болду. Маалымат каражаттары шайлоочулардын катышуусу чабал экенин билдирген эле, бирок Россиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков шайлоого жетиштүү адам катышкандыгын билдирди.

Борборшайлоокомдун төрагасынын маалыматы боюнча баары болуп, 632 депутаттык мандатка шайлоо болду. Андан сырткары Агин Бурят Улуттук округу менен Чита областын бириктирип, Забайкалье чөлкөмүн түзүү боюнча референдум, Дагестан жумуриятынын парламентине шайлоо болду. Забайкалье округун түзүүнү колдоп бул региондун шайлоого катышкан жарандарынын 80ден ашык проценти добуш берди, ал эми добуш берүүгө шайлоочулардын дээрлик 90 проценти катышып берди.

Добуш берүү өткөн 11 субьектте шайлоо аралаш система боюнча жүрүп, депутаттардын жарымы партиялык тизмелер менен, экинчи жарымы можаритардык система боюнча жалгыз мандаттык округдардан шайланды. Дагестанда, Санкт- Петербургда жана Москва областында шайлоо жалаң пропорционалдык система боюнча өттү. Мындай система ушул жылы декабрь айында Мамлекеттик Думага өтө турган шайлоодо бардык округдарда колдонулат, деди шайлоокомдун төрагасы.

Пропорционалдык шайлоо системасы болгон жерлерде партиялардын алдында 7 проценттик тосмодон ашуу милдети турду.

Ал эми жергиликтүү мыйзам чыгаруу органдарын шайлоого жалпы эсеп менен шайлоочулардын 46 проценти катышты, шайлоо өттү деп эсептөө үчүн добуш берүүгө шайлоочулардын 30 проценттен кем эмес бөлүгү катышуусу керек.

Алдын ала жыйынктыктар боюнча шайлоочулардын дээрлик 50 проценти добуштарын Кремлди колдогон Бирдиктүү Россия партиясы үчүн беришти, ал эми коммунисттерди шайлоого катышкандардын дээрлик 19 проценти колдоду. Адилет Россия партиясын 9 процент, оңчул күчтөрдүн кыймылы үчүн 14 субьектте шайлоого катышкандардын 6,8 проценти добуш беришти. ЛДПР улутчул партиясын шайлоого келгендердин 9,2 проценти колдоду, ал эми болгону төрт региондо шайлоого катыша алган Яблоко партиясын шайлоого келгендердин дээрлик 4 проценти гана колдоп берди.

12- мартта Оңчул Күчтөрдүн Союзу Москва областында шайлоо бюллетендерин эсептөөдө одоно мыйзам бузуулар болду деген арыз менен прокуратурага кайрылды. Партия эгерде бул доосу аныкталса, ага берилген добуштардын саны көбөйүп, 7 проценттик тосмодон ашып, жергиликтүү бийликтерде орундарга ээ болуп калабыз деп үмүттөнөт.

Мурда маалымдалгандай, Россиянын жергиликтүү шайлоосуна оппозициялык партияларды каттоодон өткөрүүдө бут тосуулар болгон, натыйжада кыйла региондордо оппозициялык күчтөр шайлоого катыша албай калышты.

Россиянын коммунисттик партиясынын лидери Геннадий Зюганов шайлоонун жыйынтыгына терең нааразы экенин белгилеп, бул шайлоо Мамлекеттик Думага өтө турган шайлоонун репетициясы болуп калды деп айтты.

"Бул Мамлекеттик Думаны жана президентти шайлоонун башкы репетициясы болуп калды. Биз добуштарды өзүбүзчө эсептеп жатабыз ,- деди шайлоо бюллетендерин эсептөөдө бурмалоо болуп жатканын белгилеп Зюганов.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG