Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

ООГАНСТАНДАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага 14-мартта таң эрте менен Кабул шаарынын борборунда ири жарылуу болуп, кеминде алты адам набыт кетти. Жаздын келиши менен Талибан кыймылынын калдыктары өкмөттүк күчтөргө каршы ири чабуул баштайт деп күтүлүүдө. Ооган-Пакистан чек арасында жашынууда делген Усама бин Ладенди кармоо үчүн атайын операция башталды.

14-мартта эртең мененки алты жарымда Кабулда болгон жарылуу - мергенчилерге ок-дары саткан дүкөндө чыкты, ошондуктан шаардык полициянын башчысынын орун басары Али Шах Пактиавалдын айтымында, террордук аракетке ал окшобойт: "Бул атайын көрүлгөн аракет эмес, кокустуктан чыккан жарылуу. Аны жан кечти же өкмөттүн башка бир душмандары уюштурган эмес".

Дүкөндүн ээси да курман болду деп айтылууда, жарылуудан кийин дүкөндүн ордунда тереңдиги үч метирдей аң пайда болгон жана андан бир чакырым алыстыктагы имараттардын терезелеринин айнектери да сынган. Алты адам дароо набыт кетип, дагы ондой киши жараат алды.

Үстүбүздөгү жылы эле Ооганстанда эки жарым айдын ичинде отузга жакын жан кечтилик террордук аракет ишке ашырылды, алардын эң күчтүүсү 27-февралда Баграм аскерий базасынын алдында болду жана андан жыйырмадай адам өлдү. Дал ошол күнү Ооганстанга АКШ вице-президенти Дик Чейни келген жана анын алдында Пакистандын коопсуздук кызматы Квета шаарында талибдердин жетекчилеринин бири Обайдулла Ахунд деген адамды кармап, камакка алды.

Бирок ЮПИ маалымат агенттиги билдиргенге караганда, америкалык жетекчи регионго келээр алдында талибдердин башчыларынын бири кармалып жатканы атайын уюштурулган аракетке окшош жана Пакистандын коопсуздук кызматтарынын талибдер менен байланышы бар экенин кыйыр түрдө көрсөтөт.

Талибдер менен "ал-Каида" уюмунун тероорчуларын таап-кармоо ишинде жетиштүү аракет көрбөй жатат деп Ооганстан менен Пакистандын жетекчилери такай бир-бирин күнөөлөп келет. Акыркы мезгилде болсо Ооганстандагы эл аралык аскерлердин аракеттерин кеңейтүү үчүн кошумча аскер керек болгондо, Алмания, Италия, Франция сыяктуу мамлекеттер ага макул болбой койду жана өлкөгө 1400 жаңы аскер жиберүүгө - Ирактагы күчтөрүнүн санын кыскартып жаткан Британия аргасыз болду.

Британиянын Брэдфорд университетинин профессору Пол Роджерстин айтымында болсо, Европалык мамлекеттер Ооганстандагы аскерий аракеттерге бир кыйла шек менен карайт, анткени америкалыктар Ооганстанда жалаң гана террорчуларды издебестен, ал аракеттер аркылуу региондогу өз таасирин күчөтүүнү көздөп жатат деп эсептейт.

Жакында Франция өзүнүн Ооганстанда жайгашкан атайын күчтөрүн өлкөдөн чыгарып кетти. Бирок өткөн аптада Ооганстанга америкалык атайын аскерий топ келди, алар - сиу, навахо, лакота жана апачи деген индеан урууларынын мергенчилеринен түзүлгөн жана бул топтун алдында - Усама бин Ладен менен терорчулардын башка жетекчилерин таап жок кылып, же колго түшүрүү тапшырмасы коюлду. Ооганстанга келээр алдында алар Тажикстандын тоолорунда атайын машыгуудан өттү.

 

XS
SM
MD
LG