Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

15:42 Милициянын зордук-зомбулугун ашкерелеген укук коргоочуну прокуратура кылмыш жообуна тартууда


Жалалабат облусундагы адам укугун коргоочу «Справедливость» уюму кыйноолор боюнча маалымат жыйынын 20-мартта өткөрдү. Анда райондогу «Воздух» бейөкмөт уюмунун төрагасы Азимжан Аскаров адам укугун коргогону жана калемгерлик иши үчүн Базаркоргон райондук милиция жана прокуратура органдары тарабынан кысым көрүп жатканын билдирди. Көрсө, А. Аскаров 2003-жылы жалган айып менен камалган Зулхумар Токтоназарова аттуу келиндин тергөө абагында зордук-зомбулукка туш болгонун, бармагынын алдына ийне сайылганын жана абакта анын боюна бүтүп, бирок төрөт маалында да колунан кишен чыгарылбаган азап-тозокторун жазып жарыялаган экен. Тартип сакчыларынан азап тарткан адамдар тууралу макалалар түрмөгүн жарыялагандыгы үчүн укук коргоочуга кылмыш кодексинин 127 беренесине ылайык кылмыш иши ачылган экен. Аны жоопко тартуу талабын койгон тергөөчү жана кылмыш ишин кароого тийиш болгон сот жердеш болгондуктан А.Аскаров сотторго ишеним көрсөтпөй жатыптыр.(YA)

XS
SM
MD
LG