- Өлкөдө түзүлгөн азыркы абалды эки ооз сөз менен сиз кандай деп баалайт элеңиз?
- Азыркы болуп жаткан саясий кырдаалды мындай деп баалайт элем, мүмкүн бул баа берүү бийликтин өкүлүнүкү катары болуп калаттыр. Бирок, менимче азыркы оппозициянын өкүлдөрү, фронттун жетекчилери эч кандай шарты жок, эч кандай сүйлөшүүлөргө барбаган, ультиматумдук принцип менен, кандайдыр бир жарга такоо менен бийликтин өкүлдөрүн, өзгөчө президентти бийликтен кетирүү максатын көздөп атат. Өлкөдөгү стабилдүүлүктү, саясий туруктуулукту каалабай атат.
- Оппозиция коюп жаткан талаптардын ичинде кандайдыр бир жүйөлүү деп эсептеген талаптар барбы сиздин көз карашыңызча?
- Жүйөлү деп эсептелген талаптардын бардыгын президент кабыл алып, ошого барбадыбы. Мисалы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телевидениесин коомдук телевидение кылып, мыйзамдын негизинде мамлекеттик башкаруудан баш тартышка макул болду. Бул боюнча мыйзам кабыл алынды, президент кол коюп берди. Экинчи, Кыргыз Республикасынын ноябрда кабыл алынган Конституциясын декабрда өзгөртүп жиберген, президентке ошол себептен бийликтин көбү ооп кеткен, ноябрдагы Конституцияны калыбына келтириш керек деди. Мына кечээ күнү президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ, ал жумушчу топтун жетекчиси болгон ошол эле оппозициянын лидерлери болуп эсептелген азыркы өкмөттүн жетекчиси Атамбаев баш болгон жумушчу топ бул Конституциянын долбоорун президентке сунуш кылышып, президент кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Эми акыркы талабы калды, тез аранын ичинде кезексиз, мөөнөтсүз президенттин шайлоосун өткөрүш керек деген. Мен ойлойм, эгерде ушинтип эле кезексиз президенттин шайлоосун өткөрө берсек, анда Кыргызстанда өмүрү туруктуулук болбой калат. Эл шайлаган мөөнөткө чейин биз күтүп, мамлекет башчысы ошол Конституциянын гаранты болгондон кийин, Кыргызстандын элинин укуктары менен эркиндиктерин камсыз кыла турган киши болгондон кийин, Кыргызстандын эң жогорку кол башчысы болгондон кийин бул кызматта сөзсүз түрдө мөөнөтүнө чейин иштегенге жол беришибиз керек.
- Ушул Конституцияга байланыштуу сиз кесибиңиз юрист, укук жагында иштеп аткандан кийин ушул маселени кыйгап өтсөк болбос сиз менен. Мына ушул жумушчу тобу иштеп чыккан Конституцияны өзүңүз айттыңыз кечээ президент парламенттин кароосуна берди деп. Эгер ушул кабыл алынып калса, Атамбаевдин өкмөтү отставкага кетип, жаңы премьерди парламенттеги фракциялар шайлайт экен. Сиздин оюңузча элден мандат албаган азыркы парламенттеги фракциялар ошондо канчалык өлчөмдө легитимдүү боло алат деп ойлойсуз?
- Бул өткөөл заманда болуп атпайбы. Өткөл заман деп депутаттардын 2010-жылга чейинки депутаттык мандатын сактап калып, ошол депутаттар кабыл алып бергенден кийин Конституцияны 2010-жылы кезектеги шайлоо өткөрөлү деген чараны колдонуп жатышат бул мыйзамда. Демек, 2010-жылга чейин жаңы шайлоо болгонго чейин ушул Конституциянын негизинде партиялык тизме боюнча шайлоолор жүрүп, жаңы парламент келгенге чейинки бул эреже, мындайча айтканда, премьерди сунуш кылуу бул президенттин колунда болбойт, депутаттардын колунда болот. Ошол эле депутаттардын ичинде түздөн-түз Феликс Шаршенбаевич Куловду колдогон да депутаттар бар, фракциялар да бар. Мына жакында эле “Ата мекен” деген фракция түзүлдү. Менимче партиялык негизде биринчи жолу жалаң партиянын мүчөсү болгон депутаттар ушул фракцияга кошулушту. Өзүнүн сунушун берип туруп, анан каалаган киши премьер министр болуп дайындалса болот. Азыркы учурда өкмөт башчысы көп функцияларга ээ болуп атпайбы жаңы Конституция боюнча.
- Өкмөттүн, жалпы бийликтин азыркы кырдаалга таасир көрсөтө ала тургандай кандайдыр бир реалдуу рычагдары барбы. Эгер болсо алар деп кайсыларды атайт элеңиз?
- Азыркы учурдагы дегеле президенттин, Жогорку Кеңештин функциясына кирбеген бийликтин бардыгы өкмөттө. Биздин мамлекет жаңы болгондуктан президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы көп функцияга ээ эмес. Чын-чынына келгенде иштин бардыгын, мамлекеттин ичинде кыбыр эткендин бардыгын жасап жаткан бул аткаруу бийлиги, өкмөт болуп эсептелет. Эгерде биздин саясий элитабыз оппозициябы, бийликпи бир бүтүмгө келип, Кыргызстандагы дегеле сөз айтылбаган, акаарат келтирбеген, критика болбогон үч принципти сактай турган болсок, биз мамлекетибиздин келечегине жакшы устун тургузат элек, жол салат элек. Ал кайсы үч принцип деп айтат элем. Бул эч убакта оппозиция дагы, бийлик дагы кыргыз улутун бөлүп-жарбаган нерсени айтыш керек эмес, керек болсо ойлонуш керек эмес. Кыргыздардын ынтымагы менен биримдиги бул кол тийгис нерсе болуш керек. Экинчиси, мамлекеттин стабилдүүлүгү. Эч убакта мамлекет бөлүнүп-жарылып кете турган, же болбосо мамлекеттүүлүгүбүздү жогото турган кадамдарга эч ким барыш керек эмес. Үчүнчүсү, бул өлкөнүн коопсуздугу. Мамлекетибизге кол сала турган башка кадамдарды жасап коюшубуз мүмкүн. Мына ошолорго эч убакта оппозиция да, бийлик да барыш керек эмес. Ушул үч нерсени биз ыйык тута турган болсок, анда биз мамлекетибиздин келечеги бар деп айтат элем. Дагы бир айтып кете турган нерсе, бул Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов айтып атпайбы мага парламенттик башкаруу жагат деп. Эгер биз бир кишинин каалосу менен эле Конституциябызды өзгөртө бере турган болсок, бир башкаруудан экинчи башкарууга өтө турган болсок, анда эч убакта бизде да туруктуулук болбойт. Мен ойлойм башкаруу формасын аныктаган бул Кыргызстандын эли болушу керек, башка эч ким аныктай албайт.
- Маегиңизге ырахмат.