Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

НУРЛАН ШАКИЕВ: БАШАЛАМАНДЫККА ЖОЛ БЕРГЕНДИГИ ҮЧҮН МИТИНГДИН УЮШТУРУУЧУЛАРЫ ЖООП БЕРИШИ КЕРЕК


- Нурлан мырза, кечээги демонатрацияны кубалап таркатуу учурунда милиция демонстранттарга каршы абдан катуу күч колдонуп, айрым учуруларда мыкаачылыкка барды деген кабарлар айтылууда. Сиз буга эмне дейсиз?

- 10 күндөн бери митингчилерге укук коргоо органдары, бийлик тарабынан эч кандай каршылык көрсөтүлгөн эмес. Кечээ миңге жакын митингчилер Акүйдүн алдына келишип, алардын арасынан Акүйгө киребиз деген аракеттер болду, короонун четине туруп алышты. Аңгыча ал жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлерине бөтөлкөлөрдү, таштарды ырыгытып баштады. Ошол учурда ички иштер министри Болот Ногойбаев өзү чыгып, мен ички иштер министримин мындай кылганынар жарабайт, тартипти сактагыла деп сүйлөп баштаганда митингчилер министрге бөтөлкө, таштарды ыргытышты. Ошондон кийин митингчилерге каршы мыйзамдын чегинде укук коргоо органдарды атайын каражаттарды колдонууга киришти. Бул жерде эч кандай кордук болгон жок. Себеби бардыгы мыйзам чегинде болду, жардыргычтар менен гана митингчилерди кубалап таркатышты.

- Бизде бир саат мурда депутат Байболов интервью берип, өзү күбө болгонун айтты. Ал жерде туугандарынын бирин 8 киши бир кишини кармап алып аябай сабады, оор абалда жатат, мен мындай мыкаачылыкты көргөн эмес элем деп айтты. Бул мыкаачылыкты кандай деп түшүндүрсө болот?

- Мен айтып коюшум керек, биз да ошол жерде болдук, Акүйдүн терезелеринен карап турдук. Ушул кечээги башаламандыкка толугу менен митингдин уюштуруучулары, тактап айтканда, бириккен фронт менен “Реформа үчүн” кыймылынын активдүү лидерлеринин жоопкерчилигинде болот. Себеби алар өздөрү ошол жерде митингди башкара албай калды. Бир жактуу кылып барын бийлик жака оодарып койгон бул жоопкерчиликтен качкандык деп эсептейм. Ошон үчүн милиция күч колдонууга туура келди, мыйзам чегинде болду. Көбүртүп-жабыртуулар мен ойлойм орунсуз деп. Милицияны тепкилеп уруп атса, сөзсүз милиция тараптан дагы каршылык көрсөтүү бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Кечээ кагылышуудан кийин оппозициянын жетекчилери Кулов менен Субаналиев суракка алыныптыр деген маалымат тарады . Президент Бакиевдин бийлиги оппозицияны куугунтуктай баштадыбы?

- Президент Бакиевдин бийлиги оппозицияны эч кандай куугунтукка алган жок. Андай кадамдар да болушу мүмкүн эмес. Бирок сөзсүз түрдө башкаламандыкка жол бергендиги үчүн митингдин уюштуруучулары кайсы бир деңгээлде мыйзамдын чегинде жооп бериши керек. Бул боюнча башкы прокуратура тарабынан атайын иш козголду башалмандыктын себепктери боюнча. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Бүгүн ушул боюнча атайын иштер башталса керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG