Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

ДАСТАН САРЫГУЛОВ: АПРЕЛЬ АКЦИЯЛАРЫ - САЯСАТЧЫЛАРГА ЧОҢ САБАК


Апрелдин башында болгон митинг акциялардан бийлик дагы, оппозиция тарап дагы сабак алып, туура тыянак чыгарышы керек, дейт Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Дастан Сарыгулов. Анын айтымында, бул жолу саясатчылар опурталдуу жолго башташты. Эгер эл толкуса кырдаал жарандык согушка айланып кетүү коркунучу бар эле. Бирок, бул окуялар каршылашкан тараптардын акчанын күчү менен элдин нааразылыгын пайдаланып максатына жете албай турганын көрсөттү. Айрыкча күч менен Ак үйдү алам дегенди бүт саясатчылар унутушу керек. Бийлик тарап дагы жеңишке жетиштим десе чоң жаңылышат. Бийлик мамлекеттик машинанын күчүн чексиз пайдалана албайт, ошондуктан митингден кийин атаандаш тарапты ур-тепкиге алганды токтотушу керек. Дастан Сарыгулов менен Бишкекте кабарчыбыз Кубат Чекиров маектешкен.

- Апрелдин башында Бириккен фронт өткөргөн мөөнөтсүз каршылык акциялары, байкоочулардын баамында, жарандык согушка жетпей аз эле жерден калды. Акыры митингичилер менен милиция ортосунда кагылышуу чыгып, бийлик митингди күч менен кууп таркатты. Сиздин оюңузча, эмне үчүн демократиялык өнүгүү жолунда бараткан өлкөлөрдүн турмушуна мүнөздүү болгон митинг акциялар Кыргызстанды опурталдуу жолго буруп кетип жатат?

- Бул демократиянын деле белгиси эмес, бизге баш-аламандыктын белгиси катары көбүрөөк кабыл алынып жатат. Себеби, жыл бою тынбаган митингдер менен өлкө алдыга жыла албайт. Чечкиндүү чараларды турмушка ашыруу мүмкүн эмес.

Бул бийликтин начардыгы, мыйзамдуулуктун жоктугу, баш–аламандыкка айланып баратканы терс көрүнүш. Албетте, эл жакыр. Эл кыйналып жатат, айрымдары мүмкүн жүз сом, беш жүз сом үчүн аянтка барып кошулуп, алардын ураан-талаптарын кыйкырып кошулуп койгонго аргасыздан макул болуп атат.
Мына бул окуялар эмнени көрсөттү. Акчанын күчү менен деле калың элди ээрчитип кете албасын көрсөттү. Эл даанышман, эл беш жүз сомго алданбайт азыр. Эл өзүнүн келечегин күтүп отурат. Ошол келечекке кайсы жол менен барабыз, ошол жолду көрсөткөн адамды ээрчийт, акчасы жок болсо да.

Мына Бириккен фронт, «Реформа» кыймылы бир топ эле акча чыгым болду го деп ойлойм. Отуз боз үй, элүү чатыр, ошолордун баарын алып келип, жөн эле суу, тамак-аш менен камсыз кылуу өтө көп каражатты талап кылат. Бирок майнап чыккан жок го. Себеби элибиздин көкүрөгүндө улуу тилек, улуу максат орнобогондон кийин жөн эле нааразылык менен «бул кетсин, тигил жаман иштеп атат» деген максатка алып келбейт экен.

Эми ушул митинг күч менен таркатылганы менен элдин көкүрөгүн өйүгөн бир да маселе чечилген жок. Муну биз таамай айтышыбыз керек. Маселелер чечилбеген бойдон калды. Демек, мезгил өзү аларды күн тартибине коюп көтөрүп чыгат. Эгер бийлик 11-19-апрелдеги окуялардан сабак алып, туура тыянак чыгарса, анда мындай көрүнүш орун албайт.

- Ошол апрель акцияларынан бийлик менен оппозиция кандай сабак тыянактарды чыгарышы керек?

- Азыр маселе чечилген жок. Маселе кайра тереңге кетти. Мына бул окуялар чоң жаңжалга айланбаганы көрөгөч, даанышман, сабырдуу кыргыз элинин ийгилиги менен жеңиши. Бул жеңиште бийликтин жана оппозициянын бир чымчым салымы жок. Эл толкуп биякка, же тиякка кошулса, анда жанагы саясатчылар айтып аткан согуш болуп кетиши мүмкүн эле.

Саясатчылар опурталдуу жолго кадам жасашты өткөн жолу. Бул тирешүү, эрегишүү эч качан жакшылыкка алып келбейт. Элдин нааразылыгын пайдаланып, акчанын күчү менен максатына жете албасын көрдүк. Өзгөчө күч менен мыйзамсыз жол менен Ак үйдү алам деген аракетти бүт саясатчылар унутуш керек.

Ошол эле учурда бийлик мамлекеттик машинанын күчүн чексиз пайдалана албайт. Эгерде мамлекеттик машинанын күчү менен бул маселени чечтик десе ал чоң жаңылыштык. Себеби чечилбеген маселе толтура- жумушсуздук, коррупция, чарбадагы курчуган көйгөйлүү маселелер ошол бойдон калып атат. Ошонун баарын чечкен болсо, анда бийлик жеңишке жетти деп айтсак болот эле. Бирок андай айтууга негиз жок.

- Байкоочулар ушул апрель акцияларынын маалында түндүк-түштүк деп бөлүнүп жарылуу маанайы абдан күчөгөнүн белгилешүүдө. Бул жөнүндө өзгөчө Бириккен фронттун лидерлери бийликти айыптап, баса белгилеп айтып жатышат. Сиздин оюңузча, түндүк-түштүк деп бөлүнүп жарылуу, жаатташуу элдин ичинде жайыла баштаган көрүнүшпү же бул жөн гана саясий оюндардын жаңырыгыбы?

- Муну көбүнчө саясатчылардын ортосундагы мамилеге мүнөздүү деп айтсак болот. Бирок соңку үч-төрт айда бул саясатчылардын деңгээлинен калың элдин катмарына түшө баштагандай байкалат. Бул жакшы жышаан эмес, опурталдуу жол. Бир чети жер алыстыгынан апрелдеги акцияларга түштүктөн келип катышкандар азыраак болду. Бул жактагы облустардын өкүлдөрү көбүрөөк болду. Албетте, мыйзам бузуу фактыларына байланыштуу алардын көбүрөөк жоопкерчилигин карап жатат. Ошол себептүү бул азыр түндүктүн кулундарына көбүрөөк кысым жүрүп жатат деп айтканга саясатчыларга негиз берип жатат.

Ошон үчүн ушундай терең ойлонбой жасалган аракеттер улана берсе бийлик тарабынан бул түндүк-түштүк деген бөлүнүүнү ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Ошондуктан азыр бир эле жол бар. Бийлик даанышмандык кылып, жанагы ичип алып, таш ыргыткан адамдардын мыйзамга ылайык жоопкерчилигин караса. Митингге катышуу ар бир адамдын укугу, калгандарын күнөөлөбөш керек. Эми эгерде ур-тепкини жайылта берсе бул сөзсүз тескери жыйынтык берет. Ур-тепкиге кыргыз эли эгерим көнгөн эмес. Мындан бийлик да утпайт, оппозициядагы саясатчылар да утпайт. Апрелдеги окуялардын бүгүнкү жыйынтыгы – бийлик да, оппозиция да уткан жок. Бир гана терең ойлонгон саясатчылар туура сабак алганга шарт түзүлдү.

Маектешкен Кубат Чекиров

 

XS
SM
MD
LG