Казакстандын президенти кечээ Мамлекеттик телеканалга берген интервьюсунда Кыргызстанда кырдаалды сүйлөшүү аркылуу чечүү жана эл шайлаган бийликти урматтап, ал өз кезегинде өлкөдө мыйзамдуу, демократиялуу тартипти орнотуу үчүн өз бийлигин колдонушу керек деп билдирди. Эгер бул эки шарт аткарылбаса бир кездеги Ооганстандай тартипсиздик, бийликсиздик, ким каалаганын кылган экстремизм, баңги жолу Кыргызстанда болот жана мындай шартта өлкө туруксуздук анклавына айланат деп билдирди Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө. Казак президенти кечээ бир күндүк расмий сапары менен Бишкекте болуп кайтты. (BuS)