Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

14:45 “Асаба” А.Атамбаев баштаган жумушчу топ сунуштаган Баш мыйзам долбоорун колдойт


Өлкөдө тынчтык, саясий туруктуулук болсун десе Жогорку Кеңеш премьер-министр Алмаз Атамбаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбоорун колдошу керек. Алдыда ШКУнун саммитин өткөрүү, Ысыккөлдө, өлкө аймагында туристик сезонду натыйжалуу пайдалануу зарыл. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын ордо кеңешинин төрагасы Дөөлөт Нусупов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жумушчу топтун Баш мыйзам долбоору жер-жерлерде талкууга алына турган болсо, ага“Асаба” партиясы кол кабыш кылат. “Эгерде Конституциянын жаңы долбоору коомчулук тарабынан жактырылып, парламентте кабыл алынса өкмөт президенттен көз карандысыз болуп, реформа кылууга жол ачылат,”-дейт Нусупов. (AJ)

XS
SM
MD
LG