Москвадагы Кыргыз элчилигинде медициналык борбор иштеп жатканына бир жылдан ашып калды. Бул жерде терапевт, стоматолог, акушер-гинекологдун кароосунан өтүп, дарыланууга болот. Аларга көбүнчө Кыргызстандан келген эмгек мигранттары кайрылышат. Медициналык борбордо өткөн жылы 3000 ден ашуун кыргызстандык мигрант тейлөөгө алынган.
Пазилат Насыпова – бул жерде акушер-гинеколог болуп иштейт. Ал бир жылдын ичинде эле бир топ аял-мигранттарды абортко жөнөтүүгө мажбур болгонун айтты.
- Өткөн жылы эле мен 742 кыргызстандык мигрант-аялды Москванын медициналык борборлоруна аборт жасоого жибергем , - деди Пазилат эже.
Эгер Москвада жашап жаткан кыргызстандык жаран кокустан кырсыкка кабылып калса, ал мамлекеттик медициналык тез жардам кызматынан акысыз пайдаланууга укуктуу. Бирок, айрымдардын айтуусунда, бул медицина кызматы кыргызстандык мигранттарга тоотпогондой мамиле жасашат. Бул пикирге Пазилат Насипова да кошулат.
- Тез жардамдын догдурларын мигранттар үйгө чакырышканда, алар пациенттер үчүн жоопкерчиликти моюндарына алышпайт экен, - деди Пазилат Насипова.
Мигранттардын ден-соолугун кароого Москвадагы Пирогов атындагы мамлекеттик бейтапкана да даяр. Анткени бул оорукана менен 2005-жылы Москвадагы «Кыргыз биримдиги» уюму келишим түзгөн. Аталган келишимге ылайык, кыргызстандык мигранттар айтылган бейтапканада арзан баада дарыланса болот. «Кыргыз биримдигинин» башчысы Асылбек Муратбеков бул жөнүндө мындай деди:
- Кыргызстандыктар Пирогов атындагы бейтапканага бараарда бизге кайрылып, «Кыргыз биримдиги» уюмунан атайын кагаз алууга милдеттүү. Кыргызстандык мигрантка дарылануу токтоосуз түрдө керек болуп калса, анда ал ошол оорукананын стационарына жаткырылат. Келишим боюнча, бул бейтапкана кыргызстандыктарды Орусиянын жарандарына караганда, арзаныраак тейлейт, - деди Асылбек Муратбеков.
Кыргызстандык мигранттардын арасында Москвада сыркоолоп калганда каражаты жоктугунан дарылана албай мекенине кайтууга мажбур болгондору да бар.
21 жаштагы мигрант Мансур Саипов Москвада иштеген досунун баштан кечирген окуясын «Азаттыкка» айтып берди.
- Досум түн ичинде иштен кайтып келе жатканда көчөдөн аны балдар сабап, жаагын сындырып салышкан. Биз ооруканага барсак дарылоого 2000 АКШ долларын талап кылышты. Биз жердештер айла таппай, акыр аягында учак билетине акча чогултуп, Кыргызстанга жөнөттүк. Досум мекенине ошентип сынган жаагы менен кайтты, - дейт Мансур Саипов.
Эгер Москвада Кыргызстандын жараны кокустан дүйнөдөн кайтыш болуп калса, анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө кыргызстандык мигранттар өздөрү ич ара акча чогултуп, жөнөтүшөт. Айрым учурларда бул ишке кыргызстандыктардын Москвадагы бир топ уюмдары да жардам берип келатышат. Ошол уюмдардын бири - «Кыргыз биримдиги».
- Уюмдун мүчөлөрү бул маселени баштан аягына чейин чечишет, тактап айтканда моргдон алып чыккандан баштап аэропортко узатууга чейинки процесстин баарын моюндарына алышат. Биз коомдук уюм болгондуктан бизге сырттан акча түшпөйт. Диаспоранын көпчүлүк мүчөсү – соодагерлер, ошондуктан, мындай учурларда биз өзүбүз ыктыярдуу түрдө акча жыйнап, сөөктү жөнөтөбүз. Базардагы кыргыздарга кайрылсак, алар да жардамын аяшпайт, - деди «Кыргыз биримдиги» уюмунун төрагасы Асылбек Муратбеков.
Миңдеген Кыргызстандык эмгек мигранттар ден-соолукка, өлүм житимге байланышкан көйгөйлөрдү ушинтип эле чечип алышат деп айтуудан алыспыз. Көпчүлүк мигранттар жогоруда аталган кызматтар жөнүндө угушпагандыктан, аларга кайрылышпайт.