- Эгерде ар ким өзүнүн көз карашы боюнча эле карап алып конституцияны кабыл ала берсе, анда элдин конституциясын ким кабыл алат деген суроо туулат. Бул конституцияны кабыл алганда Бакиевге, жанындагы жан жөкөрлөрүнө же депутаттарга тууралап эмес, чыныгы элдик баш мыйзамды кабыл алуу керек эмеспи.
“Жебе” жаштар кыймылынын мүчөсү Элегия Мусаеванын ырасташынча, баш мыйзамдын оңдолуп жатканына өкүнгөн туура эмес. Ушинтип жаңылып-мүдүрүлүп отуруп жаркын келечекке жетебиз дейт жаш саясатчы:
- Биздики эле элдердикине окшобойт деп ойлогон болбойт. Эгерде канча жолу алмаштырылыш керек болсо, ошончо алмаштырылыш керек. Бир катар өлкөлөрдө баш мыйзамы өзүнүн жакшы калыбына келгенге чейин көп жолу алмаштырылган.
Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, акыркы каралып жаткан баш мыйзамдын авторлорунун бири. Анын айтымында бул долбоордун кабыл алынышына кайсы бир күчтөр тоскоолдук кылып жатышат:
- Атамбаев башында турган топ иштеп чыккан долбоор аябай жакшы долбоор. Ошол долбоор кабыл алынса президенттин ыйгарым укуктарынын бардыгы парламент менен өкмөткө өтөт. Эми ошону бекитпей атпайбы. Азыр кайра чоюп атышат. Жогорку Кеңештин өкүлү Конституциялык сотто жок экен дешет. Акүйдө отурган кээ барөөлөр да оюн чыгарып атат. Азыр ноябрдагы конституцияны кайра алып келгенбиз. Ошону кабыл алыш керек да. Буга эми кайсы бир күчтөр тоскоол болуп атат.
Саясат айдыңында өлкөнүн башкаруу системасы кандай болушу керектиги тууралуу талаш-тартыштарда ар кандай ойлор айтылып келет. Президенттик, парламенттик же болбосо кошмо башкаруу системаларынын өз жактоочулары бар. Ал эми А.Атамбаев баш болгон топтун долбоору кабыл алынса башкаруу системасы кошмо болмокчу. Бул тууралуу ал топтун мүчөсү Р.Отунбаева билдирип, бирок президенттик-парламенттик болобу же парламенттик-президенттик система орнойбу айткан жок.
Оппозицияда жүргөн саясатчылар да бул топтун долбоорунда кыйла жылыштар бар экендигин моюнга алышканы менен толугу менен кошулбай келишет. Ал арада кайра-кайра оңдоолорго туш болуп жаткан баш мыйзам күнү да кирип келди.