Коста-Риканын коопсуздук министри Фернандо Беррокал билдиргенге караганда, өлкөнүн борбору Сан-Хосе шаарындагы Орусия элчилигинин имаратына кечээ кечинде белгисиз куралчан адам кирип, жети адамды барымтага алды, ал өзү Өзбекстандан келген деп айтылууда. Бирок элчи Валерий Николаенконун айтымында, эч кандай барымта болгон эмес, жөн гана виза бөлүмүндө эки адам ортосунда чатак чыккан.