Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

11:03 З. Эралиев: Октябрь революциясы Кыргызстандын тарыхында зор мааниге ээ болгон


Бүгүн Ж. Баласагун атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде Улуу Октябрь Социалистик революциясынын 90 жылдыгына арналган “Октябрь революциясы кыргыз элинин тарыхында жана тагдырында” аттуу ЖОЖ аралык республикалык илимий конференция өтүүдө. Жыйында тарых факультетинин профессору Закир Эралиев чыгып сөз сүйлөп, Октябрь революциясы кыргыздардын жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык, маданий жана саясий өнүгүүсүндө прогрессивдүү ролду ойногон жана Кытайга качкан кыргыздардын мекенине кайтып келүүсүнө шарт түзүп, кыргыз элин 1916- жылдагы геноцидден сактаган деп белгилеп өттү. Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстандын он бештен ашык ЖОЖ жана илимий изилдөө институттардын өкүлдөрү катышууда. (ESu)

XS
SM
MD
LG