Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:06

ОРУСИЯ: ШАХТАДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН 36 АДАМ МЕРТ БОЛДУ


Төрөкул Дооров, Москва Бүгүн Орусиянын Кемеро облусундагы «Юбилейная» көмүр кенинде метан жарылды. Эң соңку кабарларга ылайык, кырсыктан 38 адам набыт болду, жети киши жаракат алган.

Кемероводогу «Юбилейная» көмүр кенинде бүгүн метан жарылган учурда жер астында 217 адам болгон экен. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, азыр шахтачыларды куткаруу иштери жүрүп жатат.

- Биз азыр ушул саатка карата, 36 адам мерт болгонун ырастай алабыз. Эки адамдын тагдыры белгисиз бойдон калууда. Жалпысынан 179 адам куткарылды, жетөөсү жаракат алган. Азыр жер астында 23 тоо кен куткаруучуларынын бөлүмү иштеп жатат. Бул жерде мындай топтордун 75 ши бар. Керектүү техника, күч жетиштүү деңгээлде. Шахтачылардын баары табылмайын, куткаруу иштери улана берет, - деген эле бир канча мүнөт мурдараак өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлү Ирина Андрианова.

Облусттун губернатору Аман Тулеев азыр окуя болгон жерде жүрөт. Ал 26-майды Кузбасста аза күтүү күнү деп жарыялады.

«Юбилейная» шахтасындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул көмүр кени Орусиядагы «Южкузбассуголь» деген ишканага таандык. Ал ишканага караштуу «Ульяновская» деген дагы бир көмүр кенинде ушул жылы 19-мартта да метан жарылып, 110 адам мерт болгон эле. Ал кырсык Орусияда соңку 60 жылдан берки эң чоң кырсык деп аталган.

Ошентип, азыр «Южкузбассуголь» ишканасынын ишмердүүлүгү текшерүү алдында турат. Орусиянын премьер-министри Михаил Фрадков:

- «Южкузбассуголь» компаниясынын ишинен буга чейин айрым катачылыктар табылып, ага Ростехнадзор эскерүүлөрдү жасаган эле. Бул өтө олуттуу маселе жана азыркыдай кырсыктардын кайталана бериши жөн эле кооптондурбай, чектен чыгып баратат, - деди өкмөт башчы М.Фрадков.

Мындан эки күн мурда эле марттагы жарылуу боюнча Ростехнадзордун Кемерово облусундагы жетекчилик орундардагы айрым кызматкерлери кызматтан бошотулганы кабарланган эле.
Ростехнадзор буга чейин эле аталган «Южкузбассуголь» компаниясынын ишинен көмүр казуудагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча толгон-токой катачылыктарды тапканын айтат. Бирок сот ишти толук токтотууга каршы болуп келгени кабарланууда.

Орусиядагы көмүр кендери – иштеш үчүн өтө коркунучтуу жай. Советтер Союзу кулагандан кийин мамлекеттик колдоо токтоп калгандан бери шахталардын көбүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлө элек. Шахтачылар өздөрү алардын жумуштагы коопсуздугу эске алынбай жатканын айтып мезгил-мезгили менен ачкачылык жарыялап жүрүшөт.

 

XS
SM
MD
LG