Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

ШКУ: ЧӨЛКӨМДӨГҮ КООПСУЗДУК БАШКЫ МАСЕЛЕ, АКШ БАЗАСЫ БАШКА МАСЕЛЕ


Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчыларынын үчүнчү жолугушуусу аяктады. Жолугушууда жалпысынан 10 маселе талкууга алынып, алардын басымдуу бөлүгү уюмга кирген өлкөлөрдүн коопсуздугуна байланышты. Кытай тарап ШКУнун Бишкекте өтүүчү саммитинде жана 2008-жылы Пекин калаасында өтүүчү олимпиадалык оюндар учурунда коопсуздукту биргеликте камсыз кылуу маселесин көтөрүп, тараптардын колдоосуна ээ болду. Делегаттар жолугушуу учурунда Кыргызстанда жайгашкан АКШ аба базасын чыгаруу тууралуу сөз болбогондугун, жалпысынан чөлкөмдө бейпилдикти буза турган абалды жаратпоо жана террорчулукка каршы күрөшүү аргалары изделгенин ырасташты.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн коопсуздук кеңешинин катчылары жалпысынан 10 маселенин үстүнөн талкуу жүргүзүшүп, алардын дээрлик басымдуу бөлүгү чөлкөмдөгү коопсуздук, террорчулук, маң заттарынын жайылуусуна бөгөт коюу маселелерине арналды. Жолугушуунун соңунда атайын токтом кабыл алынып, уюмдун алкагындагы кызматташуу жигердүү өнүгүп жатканы белгиленди. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылары бул жолку жолугушууда, Кыргызстандагы АКШ аба базасы тууралуу сөз кылышкан жок. Делегаттардын айтымында бул маселе август айында Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитинде деле көтөрүлбөйт. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Токон Мамытовдун ырасташынча, уюмдун Бишкекте өтүүчү саммитине тийиштүү даярдыктар көрүлдү:

- Мен бүгүнкү күнү Кыргызстандын күч органдары жана атайын кызматтары август айында өтүүчү ШКУнун саммитинде толук коопсуздукту камсыздоого даяр деп айта алам.

Ошондой эле Т.Мамытов, АКШнын аба базасынын тагдырын кароо Бишкекте өтө турган саммиттин күн тартибине киргизилбегенин ырастады. Бирок, серепчилердин баамында бул маселе баарыбир жабык эшик аркасында ШКУга кирген өлкөлөрдүн президенттери арасында талкууланышы ыктымал.

Ал эми Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов, ШКУ чөлкөмдө түзүлгөн ар кыл коркунучтарды алдын-алуу үчүн мыкты жол экендигин баса белгиледи:

- ШКУ менен анын тармактары бул уюмга кирген өлкөлөрдүн күчтөрүн бириктирип, бири-бирине байланыштырып, чөлкөмдөгү коркунучтуу көрүнүштөрдү алдын алууда мыкты механизм экендигин көрсөттү. Негизинен бул чөлкөмдө террорчулук, маң заттарын ташуу көйгөйлөрү күч.

Бул жолку жолугушууда Кытай тарап Кыргызстанда өтүүчү саммиттин коопсуздук маселеси кандай болуп жатканына тынчсызданып, мындай чоң иш чараларды өткөрүүдө коопсуздук жаатында биргелешип иштөө керек деген сунушун айтты. Сунушту колдоого алышкан тараптар Пекин калаасында 2008-жылы өтүүчү олимпиада оюндары учурунда да коопсуздук маселесин биргеликте карамакчы болушту. Кытай Эл республикасынын Коомдук коопсуздук министринин орун басары Мэн Хунвей, ШКУ бардык тараптар үчүн ачык экендигин билдирди:

- Уюм бардык тараптар үчүн ачык. Биз уюмга кызыкдар бардык өлкөлөрдүн, ар кыл багытта жана формада иш-чараларыбызга катышуусун колдойбуз.

Делегаттар акыркы жылдары уланып келаткан Кыргызстандагы саясий олку-солкулуктар токтой тургандыгына үмүт артышып, бул жараяндардан өлкө такшалып чыга турганына ишенерин айтышты. ШКУнун кезектеги саммитинин Бишкекте өтө тургандыгы ошол ишеничтин жогору экендигин көрсөтөт дешет. Казакстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Берик Имашев бул тууралуу мындай дейт:

- Биз бардыгыбыз Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдарбыз. Бүгүнкү кабыл алынган токтом да ага күбө. Өнүгүү болуш үчүн алгач биз коопсуздук маселелерин жөнгө салып алышыбыз керек. Негизи, уюмдун иш багыттарын карап көрсөк, бардыгында экономикалык маселелер камтылган.

ШКУ 2001-жылы Кытай Эл республикасынын Шанхай шаарында коңшулаш алты мамлекеттин өкмөттөрүнүн келишиминин негизинде түзүлгөн. Орусия, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан кирген бул уюмдун иш чараларына акыркы жылдары бир катар башка мамлекеттер байкоочу катары катышып келишет. Уюмдун негизги максаты өз ара байланышты бекемдөө, чөлкөмдөгү коопсуздукту сактоо болуп саналат.

XS
SM
MD
LG