АКШ менен Кытай ортосундагы соодадагы тартыштык былтыр 233 миллиард доллар менен Кытайдын пайдасына аяктады. Бардык адистердин пикиринде, бул сооданын мындай мүнөзү келерки жылдарда орчундуу өзгөрбөйт. Америкалык эксперттердин айтымында, президент Жорж Буштун өкмөтү абалды өзгөртүү үчүн чечкиндүү чара көрүүгө тийиш, Конгресс болсо атайын мыйзам долбоорун даярдап, Кытайдан Америкага импорттолуп келген буюмдарга кошумча тариф салууну сунуш кылууда.
АКШ өкмөтүнүн айтымында, кытай акчасы юандын баасы анын чыныгы наркынан 40 пайызга төмөн бааланууда жана Кытай өкмөтү андай жасалма абалды өзгөртүүгө тийиш. Юандын наркы төмөн болгондуктан жана ага Кытайдагы эмгек дагы өтө арзан бааланганы кошулгандыктан, ишкерлер Кытайда өндүрүлгөн буюмдарды арзан сатып алып, Европа менен Американын дүкөндөрүн толтуруп салды. Натыйжада Кытайдын чет өлкөлүк валютадагы улуттук кору азыр бир триллион доллардан ашты.
Өткөн аптада Вашингтон шаарында АКШ жана Кытай адистеринин кезектеги жыйыны болуп өттү, ага АКШнын улуттук казынасынын катчысы Генри Паулсон жана Кытайдын вице-премьер министри У И жетектеген өкүлчүлүк катышты. Оор сүйлөшүүнүн найыжасында Кытайдын Борбордук банкынын өкүлдөрү юанды алмаштыруу баасын туруктуу кармабастан, кайсы бир чекте анын өзгөрүп турушуна уруксат бере турганын билдиришти.
Паулсондун айтымында, бул чечимди алдыга жасалган кадам катары бааласа болот: "Юандын наркы өзгөрүп туруу керек экенин кытайлыктар билет жана жалпысынан алганда ал керек экенине макул болушту. Бирок ага канчалык чыныгы эркиндик бериле турганыдыгын турмуш көрсөтөт жана ал убакыт өткөндөн кийин гана белгилүү болот", - дейт Паулсон.
Вице-премьер У Инин айтымында болсо, мындай маселелерди чечүү үчүн сактык керек: "Кытай менен АКШ ортосундагы мамилелерди жакшы абалда сактап, аларды алдыга туруктуу өнүктүрүү үчүн акылмандык, кайрат жана сезим менен көрүлгөн чыгармачылык керек. Себепсиз коркутуу менен чектөөлөрдөн мурда эки тараптуу тикелей сүйлөшүлөр талаптуу", - дейт У айым.
Кытай өкмөтү алгач юандын баасын 2005-жылдын июлунда эки пайызга көбөйткөн, андан бери анын наркы дагы алты пайызга көтөрүлдү, бирок батыш эксперттеринин пикиринде, баары бир ал жасалма түрдө төмөн кармалууда. Айрым башка байкоочулардын айтымында, Кытай жетекчилигин Батыштын талаптарына көндүрүү оңой болбойт, анткени алардын айтканын аткара бергенде, негизги байлык менен киреше Батыш финансы бирикмелерине гана тийет.
Бээжиндин каржылоо күчү - 1997-жылы Гоңконг кайрадан Кытайга кошулгандан кийин арбыган, ошондуктан 1998-жылдагы финансы кризиси Кытай экономикасына көп таасир тийгизе алган жок жана мындай саясат уланса, 10-15 жылдан кийин Кытайдын таасири Батыштыкынан ашып түшүшү мүмкүн.