Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтери тууралуу ачык толук маалымат жок. ТЕО боюнча толук маалымат алынгандан кийин бул маселени күзүндө карайлык, деген сунушту киргизди депутат Темир Сариев. Анын сунушун депутат Азимбек Бекназаров да колдоп, суу-энергетикага байланыштуу маселени күзүндө караган оң экендигин билдирди. Анын айтымында, Машкеевичтердин адамдары Жогорку Кеңештин корридорунда жүгүрүшүп, паралментте тымызын иштеп жатышат. “Жашыруун келишимдерге жол бербей, уурадганды токтотуш керек,”- дейт Азимбек Бекназаров. Улугбек Ормонов болсо энергетика боюнча мыйзамдарды токтоосуз карап, Камбарата ГЭСтеринин курулушун баштоо керек экендигин айтты.(AJ)