Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

БЕКБОСУН БӨРҮБАШЕВ: АКШдан ЧОҢ ДЕЛЕГАТТАРДЫН КЕЛИШИНЕ «МАНАС» АБА БАЗАСЫНЫН ТИЕШЕСИ БАР


Кечээ АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер Кыргызстандагы сапарын аяктады. Анын алдында эле Пентагондун башчысы Роберт Гейтс Бишкекке келип кеткен. Президент Буш болсо Прагадагы Эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанды демократиялык өлкөлөрдүн катарында атады. Биздин маектешибиз саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев.

- Вашингтондун Кыргызстанга акыркы кезде ушунчалык көңүл буруп жатканынын артында эмне турат?

- Эки мамлекеттин ортосундагы карым-катнаш бул эл аралык укуктун субъектилери катары ошол укуктун негизги принциптеринин негизинде болуш керек. Сөзгө так жооп бере турган болсок, Вашингтондун Кыргызстанга болгон кызыкчылыгы бул АКШнын өзүнүн кызыкчылыгына ылайык, дал келет. Анткени биз геосаясаттын негизинде ыңгайлуу жерде орун алганбыз жана Кыргызстандын аймагында америкалык “Манас” аба базасы турат. АКШнын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлери кайра-кайра бизге келишип жана Американын президенти биздин мамлекетке болгон саясий баасын берип атканына “Манас” согуштук базасынын түздөн-түз таасири бар деп айтсак болот.

- Демек Вашингтон ошол базасын сактап калууга кызыкдар?

- Ооба, анткени мен билгенден дүйнөнүн 110го жакын мамлекеттерде АКШнын базасы бар. Ошолордун ичине Кыргызстан да кирип атабыз. Мына ушуга ылайыктап эң биринчи түздөн-түз Американын кызыкчылыгы "Манас" аба базасында турат деп айтсак болот. Анткени акыркы окуялар ушуну далилдеп атат. Бирок "Манас" аба базасынын тегерегинде Кыргыз өкмөтү менен Америка өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун келишим түзүлгөндө эл аралык укукка дал келбеген, укуктун принциптерине каршы чыккан бир нече жоболор кирип кеткен. Ошонун артынан авиабаза бизге көп проблемаларды, экономикалык жардам эмес, социалдык, саясий, психологиялык проблемаларды алып келди. Ошол базаны киргизип атканда эки мамлекеттин ортосундагы келишим так түзүлбөй калган. Биринчиден, бул авиабаза Кыргызстандын босогосу болгон “Манас” аэропортунда орун алышы бул эл аралык укуктун нормаларына дал келбейт. Анткени согуштук базалар граждандык адамдар турган объектиден алыс болуш керек болчу. Ошол жердеги граждандык адамдар өзүнүн укуктарын сактай алганга мүмкүнчүлүк алыш керек болчу. Мына ушул эки принцип бузулуп калган. Андан кийинки дагы бир маселе, ушул авиабаза келгенден кийин Кыргыз өкмөтү өзүнүн атуулдарын коргой албай калды. Мисалы ар кандай зордук-зомбулук болуп атат. Жакында эле биздин Александр Иванов деген жараныбыз кайтыш болду америкалык аскер кызматынын кол салуусунун негизинде. Өз мамлекетибизде туруп өзүбүздүн атуулубузду коргой албай атабыз. Ушул психологиялык туруксуздукка алып келет. Мына ошондой эле америкалык аскер кызматкерлери дипломатиялык статуска ээ болуп калганда бул эл аралык нормага туура келген маселе. Анткени америкалык аскер кызматы ал аскер кызматы, ал эми Оогансатанга ылайыктап карасак, комбатант деп коет, эл аралык укукта комбатанттын өзүнүн аткарган функциясы, алган орду башка, ал эми статусу боюнча бул дипломаттарга тең болуп калганда бул да туура эмес.

- Дипломатиялык иммунитет жөнүндө бир суроом бар. Баучер айрым маалыматтарга караганда визит учурунда аскерлердин дипломатиялык иммунитети жоюлбайт деп кайталады. Сиз жана 110 өлкөдө америкалык базалар бар дедиңиз. Маалыматыңыз барбы ошол базалардагы аскерлер дагы ошондой кол тийбестикке ээби, же Кыргызстанда эле ушундайбы?

- Мисалы, 1-2 жыл мурун Италияда, Японияда да ушундай окуя болгон. Япониядагысын жакшы билбейт экемин. Бирок италиялык бийлик өкүлдөрү ошол аскерди Италиянын закону боюнча жазалаганга жетишкен. Демек ал аскерден дипломатиялык кол тийбестик алынып салынган. Биз дагы ушуга жетишибиз керек болчу. Биздин мамлекеттин ушул маселени туура коюп, туура чече алганына байланыштуу болуп калат. Ошон үчүн дипломатиялык иммунитетти аскерлерден алып коюш керек. Анткени алар ошол эле "Манас" базасынын аймагында Кыргыз Республикасынын юридикциясы ишке ашпай калган дагы, ал эми аскер дипломат болуп калган. Ошондуктан алар биздин закондорду бузуп биздин адамдарды ушундай абалга алып келгени бул биздин түзгөн келишим туура эместиги. Экинчиден, Баучердин айтканы боюнча чындыгында Баучер бир гана тарапты айтып койду, алынып салынбайт деп. Американын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аймагында болгондон кийин бул Кыргыз мемлекети менен АКШнын ортосундагы келишимдин негизинде болуш керек. Эл аралык укукта бир тараптуу деп коёт. Бир гана жак чечип койгонго акысы жок. Бул мамлекеттик катчынын жардамчысы Баучердин биздин мамлекетке карата текебердик мамилеси.

- Маегиңизге ырахмат!

XS
SM
MD
LG