Жакында орун алган окуяларга чейин эл аралык байкоочулар менен Кабулдагы саясатчылар өлкөдөгү абалдын турукташуусуна Пакистан кедерги болуп жатат, деп эсептеп келген. Бирок, май айында Иран өлкөдө баш бааналаган 85 миң ооган качкынын күчкө салып мекенине кайтарып жиберди жана муну менен бул пикирди түп тамырынан өзгөрттү окшойт. Үй-жайы жок, ач-жылаңач ушунчалык көп кишини кабыл алууга кудурети жок Ооганстан өтө кыйын гуманитардык акыбалга туш болду. Ачуусу келген ооган парламенти бул маселени Иран менен тынч чече албаган үчүн өлкөнүн тышкы иштер министрине импичмент жарыялап, эрксизден конституциялык кризиске себеп болду.
Жыл башында болсо Ирандын учактары Ооганстандын аба мейкиндигине кирип келген учуру катталды. Ошол эле убакта Ооганстандын борбордук бийлигине каршы күрөшүп жаткан согушкерлерден Иранда чыгарылган каруу-жарактар табылган. Белгидей кетүүчү нерсе, Иран изин жашырып, башка бир өлкөлөрдө жасалган куралдарды сатпастан, өзүндө чыгарылган куралдарды саткан. Ошондой эле Натонун Ооганстандагы күчтөрү Ирандын аймагында ооган согушкерлерин машыктыруучу лагерлер да бар экенин маалымдашат.
Аналитик Амин Тарзинин көз карашында, мындай аракеттер менен Иран Ооганстанга эле эмес, АКШга кошуна өлкөдөгү абалды солкулдатып, кааласа терс жагына буруп кетүүгө кудуреттүү экенин көрсөтүүдө. Ошону менен бирге эле "эгерде Батыш Иранга ого эле катуу кысмак кыла бере турган болсо, Иран антитеррордук альянстын Ооганстандын чарбасын калыбына келтирүү аракеттерин талаага кетире турганын далилдегиси келет.
Ирандын Ооганстанга таасир этүү мүмкүнчүлүгү чоң, буга орток чек ара, эки элдин тили менен каада-салттарынын окшоштугу да өбөлгө түзөт. Бирок, Иран бул окшоштукту оң же терс максаттарда пайдаланабы - ал белгисиз, дейт серепчи Амин Тарзи.