Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

ИРАКТАГЫ АЛТЫН МЕЧИТ КАЙРА ЖАРДЫРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 13-июнда эртең менен Ирактагы Самарра шаарындагы Алтын мечитте жардыруу болуп, анын эки мунарасы урап түштү. Былтыр февралда дал ушул мечитте болгон жарылуудан кийин Иракта суннилер менен шийилер ортосундагы кагылышуулар башталган.

Самарра шаарындагы ал-Аскари деп аталган Алтын мечиттин ичинде эки атактуу имам - Али ал-Хади жана анын уулу Хасан ал-Аскари көмүлгөн. Алар 868- жана 874-жылдарда өлгөн. Ал-Аскаринин уулу имам Мухаммед ал-Махди болсо кийин кайып болуп кеткен деп айтылат жана мечит - ошол имам көздөн кайым болгон жерде курулган. Шийилердин ишениминде, имам Махди келечекте Жер жүзүнө кайтып келип керек, ошондуктан бул мечит шийи мусулмандарынын эң ыйык жерлеринин бири, бирок Самарра шаарынын көпчүлүк тургундары суннилер.

Былтыр 22-февралда ал-Аскариге бир нече адам келип, анын кайтаруучуларын кармап-байлап, мечиттин ичине бомба коюп, качып кеткен. Жарылуудан мечиттин алтындалган үстү урап түшкөн жана дал ошол окуядан кийин Ирактагы шийи жана сунни мусулмандары ортосунда кеңири кагылышуулар башталган, айрым байкоочулар аны кийин ич-ара согуш деп да атап келди.

13-июнда дагы эртең менен Алтын мечитте жардыруу уюштурулгандан анын эки мунарасы бузулду. Мечиттин жанына дароо эл чогулуп, террор аракетин ишке ашыргандарды каргап, нааразылык билдирди.

Чогулгандардын ишениминде, жардырууну "ал-Каида" террордук уюму менен байланышкан топтор уюштурган болуш керек. Мечит жакшы кайтарылат, бирок ага террорчулардын жеткени - диний аралык кагылышууларды ырбатууга кызыккан күчтөр өлкөдө канчалык кеңири тараганын көрсөтөт. Бийлик Самарра шаарында өзгөчө тартип киргизди жана атайын иликтөө башталды, жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.

Премьер-министр Нури ал-Малики дароо өкмөт жыйынын өткөрүп, коопсуздук чараларын күчөтүү маселелерин талкуулады. Ошол эле күнү Малики Ирактагы америкалык аскерлердин башчысы генерал Дэвид Петреас менен жолугуп, Самарра шаарына кошумча аскер жиберүүнү дагы сурады, анткени бул жарылуудан кийин диний аралык кагылышуулар дагы күчөшү мүмкүн деген чочулоо терең.

Байкоочулардын пикиринде, толкундоолор борбор калаа Багдад шаарына тарап кетет деген коркунуч дагы күчтүү, эки шаар ортосундагы аралык 125 чакырым. Багдаддагы былтыркы кагылышуулардан кийин шаар эмгиче түнүчүн өзгөчө тартип менен жашайт.

Америкалыктарга каршы аракеттенген имам Муктада ас-Садр шийилерге кайрылып, мечиттин мунараларынын бузулганы менен байланыштуу үч күн аза күтүп, митинг-демонстрацияларды уюштуруу керек деп билдирди. Ирак шийилеринин башчысы аятолла Али ал-Систани болсо элди сабырдуулукка чакырды.

Кошуна Ливандын борбору Бейрутта чыккан "Ал-Мада" гезити 13-июнда билдиргенге караганда, жыл башынан бери Иракта 13 миңден ашык куралдуу кагылышуу же жардыруу болду, алардан бардыгы болуп тогуз миңден ашык адам каза тапты, дагы 16 миңге жакын киши жараат алды. Андай кагылышуудардын 55 пайызынын себеби - диний аралык араздашуу.

XS
SM
MD
LG