Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:08

ПАЛЕСТИНАДА ӨКМӨТ ТАРКАТЫЛДЫ, ЧУКУЛ АБАЛ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас кечээ кечинде өкмөттү таркатып, Газа тилкесине жана Иордан дарыясынын батыш жээгине чукул абал киргизди. Бирок ошол эле күнү хамасчылар Газа аймагын толугу менен өздөрүнүн көзмөлүнө алышты. Фатхчылар менен хамасчылардын бийлик талаштан чыккан ич ара урушунан жети күн ичинде 70тен ашуун киши өлүп, ондогон адамдар жарадар болду.

Махмуд Аббас хамасчылардын өкүлү, премьер-министр Исмаил Ханияны баш кылып курама өкмөттүн бардык мүчөлөрүн кызматтан алды. Таркатылган кабинеттин ордуна жаңы өкмөт түзүлөт. Буга катарлаш Газа тилкесинде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде чукул абал жарыяланды. Аббастын бул чечимдери тууралуу анын жардамчысы кабарлады. Андан мурдараак ал автономия башчысы улуттук маанилүү чечим кабыл алганы жатканын айтып, Газа тилкесиндеги окуяларды кызылдай кылмыш, палестиналыктарга каршы жасалган кыянат деп атаган эле.

Кечээ кечке жуук хамасчылар Газа бүт бойдон алардын көзөмөлүнө өткөнүн айтышты. Хамастын өкүлү Газа аймагы экинчи ирет боштондук алганын, мурда ал жөөт обосолдорунан тазаланса, бу жолу Аббас жетектеген фатхчылардын мыйзамды билбеген, бардык адеп-ахлакты тебелеп-тепсеген коопсуздук күчтөрүнөн бошотулганын билдирди.

Күнү бою Газада сары сүргүн, тоз-тополоң өкүмсүрүп турду. Хамасчылар ФАТХ кыймылынын коопсуздук күчтөрүнүн жергиликтүү штабын басып алып, алардын активисттери менен тарапкерлерин үйлөрүнөн кубалап чыгышты жана дал көчөдө эл көзүнчө атып салышты. ФАТХтын аскерий канатын түзгөн “Ал-Аксанын азапкерлер тобу” аталган фракциянын лидери да өлтүрүлдү. Хамасчылар аны “чыккынчы” жана “саткын” деп аташты. Буга удаалаш хамасчылар өлүмгө өкүм кылгандардын тизмесин жарыялашты, тизмеде жалаң фатхчылар, алардын активисттери бар.

Эл аралык коомчулук палестиналыктардын ичи ара кырдыбычагы күчөп, анык согушка айланып баратканына кооптонуу билдиришүүдө. АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ Аббаска телефон чалып, анын ФАТХ кыймылын, палестин боштондук уюмун Вашингтон колдой турганын ырастады.

Өкмөткө кирген эки фракциянын куралдуу аразы бийлик талаштан чыкты. Алар бир-бирин бийликти басып алгысы келген жана төңкөрүш уюштурганга аракет кылган деп айыпташууда. ХАМАСтын өкүлдөрү президент Аббаска баш ийген ФАТХтын коопсуздук күчтөрү ЦРУ менен жең ичинен кызматташып келгенин айтып, муну далилдеген тасмаларды телеканалдан элге көрсөткөнгө убада беришти. Бу эки фракция буга чейин да кээде атыша кетишип, кайра жарашып келишкен. Бирок байкоочулар алардын бул жолку аразы палестин автономиясын биротоло экиге бөлүп салышы ажеп эмес дешет.

XS
SM
MD
LG