Операция Пактика провинциясында өткөрүлдү. Пакистанга чукул жердеги кыштактардын бириндеги мечитти ал-каидачылар окбаанелеп алганы тууралуу кабарларга таянып, коалициянын аскери авиациясы мерчемдүү имараттарга сокку урду. Жапырыктан ал-каидачылардын бир нече лашкери өлгөнүн аскерилер ырасташты. Ошол эле учурда мечитке жакын жайгашкан медресеге да бомба тийип, жети бала набыт болду. Бул фактыны ырастап, америкалык командачылыктын өкүлү Крис Белчер операция пландалган районду бир күн бою акмалап-аңдып турушканын, ал жерде балдар окуган медресе бар экенин билишпегенин, эгер билгенде аба жапырык жасалмак эместигин айтты. Белчер “ал-каидачылардын айынан бейжазык балдар жайран болгону коалиция өкүлдөрүн өкүткө салганын” кошумчалап, мунун өзү “Ал-Каида” мечиттер менен жайкын калкты өзүнүн тирүү калканы деп эсептерин көрсөткөн дагы бир далил болгонун белгиледи.
Ооганстан Коргоо министрлигинин өкүлү генерал Захар Азими Кабул өкмөтү бул операцияга каршы болгонун билдирди. Генерал коалициялык күчтөр менен ооган армиясы негизинен жердеги операцияларды гана макулдашып өткөрөрүн, ал эми аба күчтөрүнө келгенде ортодо эч кандай координация жоктугун моюнга алды. Эгер мындай байланыштар болгондо кайсы жерди бомбалаш керектигин тараптар так аныктап турушат эле. Ошол эле учурда ооган генералы чыгымсыз согуш болбостугун да эскертип өттү.
Деген менен операция маалында бейсебеп чыгымдардын көбөйүп жатканы жергиликтүү калк арасында нааразылыкты күчөтө баштады. Президент Хамид Карзай мындай опуртал операцияларды кыскартууну коалициялык күчтөрдөн бир нече курдай өтүнгөн эле. Бу маселени НАТОнун коргоо министрлери өткөн аптада Брюсселдеги жылдык жыйында да талкуулашкан болчу.