Кырсык кечээ таңында Алмата-Астана кан жолунда болгон. Эки автобус кагылышып, натыйжада төрт адам өлгөн, алардын үчөө Кыргызстандын жарандары. Набыт болгондордун арасында жаңы төрөлгөн ымыркай дагы бар деп айтылат Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө. Кырсыктан көз жумгандардын аты-жөнү учурда такталууда. (ZMa)