21-июлда Бэкхем Лос-Анжелестин Галактика командасынын оюнуна он эки мүнөткө келди. Мындан мурун сол бутун кокустатып алган Дэвид Бэкхем оюн тааласына 27 миң футбол күйөрманынын колдоосунда чыкты. Бэкхем журналисттерге АКШдагы алгачкы оюну үчүн кубанычта болгонун билдирди. Галактика англиялык Челси командасы менен беттешүүдө 1-0 эсебинде утулуп калды.