Түштүк кореялык христиан кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү Кандагардан Кабул шаарына автобус менен баратканда Газни провинциясында 19-июлда туткунга алынган. Алардын жетекчисин талибдер 25-июлда атып салган, дагы бир жигитти болсо 30-июлда өлтүрдү жана өкмөттүк абактарда жаткан талибдерди боштууну талап кылып, 1-августта түшкү саат он экиге чейин ал талап аткарылбаса, калган 21 туткунду дагы өлтүрө турганын билдирүүдө. Алардын он сегизи - аялдар.
Айрым эксперттер азыр - чет мамлекеттерден ооган элине жардам көрсөтүү үчүн келгендер коопсуздук чаралары жөнүндө көп ойлонбойт деп түштүк кореялыктардын өздөрүнө күнөө коюуда. Анткен менен CARE деп аталган эл аралык уюмдун Ооганстандагы өкүлү Жэйми Терзинин айтымында, коопсуздукка жетиштүү эле көңүл бурулат, бирок эмне үчүн түштүк кореялыктар мынчалык көп адамды бир автобус менен жибергени түшүнүксүз:
- Алар менен болгон окуя - Ооганстанда иштеген башка эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын аракеттеринен бир кыйла айырмаланат. Мисал үчүн, биздин уюм мынчалык көп адамды ал жол менен бирге жибербейт болчу.
Чет өлкөлөрдөн келип, ооган элине жардам көрсөткөн уюмдардын ишин координациялаган ACBAR деген уюмдун деректиринин орун басары Мохамед Хашим Маярдын айтымында болсо, айрым андай өкмөттүк эмес уюмдар жанына сакчы алуудан да кээде баш тартат:
- Ички иштер министрлиги - Кабул шаарынан сыртка чыккандын баары атайын каттоодон өткүлө, же жаныңарга сакчы алгыла деп такай айтат. Бирок өкмөттүк эмес уюмдар кээде өз алдынча аракеттенет жана алардын жанында куралчан адамдардын жүргөнүн көп жактырбайт, анткени андан аларга сөз тийет жана андай сакчылар коштогондо, аларга кол салуулар көбүрөөк болушу мүмкүн.
Акыркы мезгилде мынчалык көп адам бир учурда Ооганстанда барымтага алынган эмес. Мисал үчүн, 18-июлда Вардак провинциясында эки немис жараны кармалып кеткен, кийин 22-июлда алардын биринин денеси табылды, экинчи адам азырынча тирүү деп айтылууда.
Апрелде Ооганстанда Франциянын эки жараны, алардын айдоочусу жана дагы эки жергиликтүү жардамчысы туткунга алынган, кийин ал эки адам 30-апрелде жана 11-майда бошотулду. Март айында талибдер италиялык бир журналистти туткунга алган жана ал кийин 19-мартта бошотулду, бирок анын айдоочусу менен котормочусун талибдер өлтүрүп салган.
Былтыр октябрдын он экисинде британиялык бир фотожурналист кармалып кеткен жана ал кийин 3-ноябрда бошотулган. Бирок былтыр апрелде барымтага алынган индиялык бир инженерди жана былтыр март айында туткунга түшкөн төрт македониялык жаранды талибдер өлтүрүп салган.
Буга чейин бир учурда эң көп адам колго түшкөн окуя 1983-жылы катталган. Өлкө түндүгүндөгү Мазар-и-Шариф шаарында 16 советтик куруучу туткунга алынган, аларды советтик аскерлер күч менен бошоткондо, башкалардын арасында туткундардын алтоо дагы курман болгон.