Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 13-26-июль аралыгында Ноокат району боюнча СПИДдин ВИЧ инфекциясын 11 киши жугузгандыгы аныкталган. Алардын тогузу жети айдан эки жашка чейинки балдар жана бирөө дарыгер болушкан. Бул иш боюнча Ош шаардык прокуратура кылмыш козгоп, ишти иликтөөнү кечээ Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, окуяга байланыштуу облустук жана райондук ооруканалардын башчылары кызматынан алынды. Илдет 761 баланы, 91 медициналык кызматкерди, кан берген 31 адамды текшерүүдөн кийин аныкталды. Кан тапшырган дагы 31 адам текшерүүдөн өтө элек. (BuS)