“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмилованын айтымында, азыркы бийликтин мыйзамсыз иш аракеттеринин кесепетинен, улуттук макам берилип, корукка алынган кыргыз элинин ыйык жери “Манас ордо” тарыхый-маданий комплексиндеги казуу мыйзамсыз жүргүзүлүүдө. “Эгерде Кароолдөбөнү талкалап, бузуу жолу токтотулбаса нааразылык акциялары өткөрүлөт”,- дейт Исмаилова. (AJ)