Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыттар боюнча департаменттин деректири Абдымалик Эгембердиевдин айтуусунда, өткөн кышта жана үстүбүздөгү жайда Кыргызстандын тоолуу аймактарынын бир даары кургакчыл, бир даары жаанчыл болуптур. Атбашы, Нарын, Каракулжа райондорунун бийик тоолуу аймактарында дегеле жаан жааган эмес. Жер кыртышында нымдуулук жок. Анын натыйжасында кайракы жерлердеги эгин-тегин да, көп жылдык чөп да өтө начар. Ошол эле кезде Талас, Суусамыр, Орто сырт, Ысыккөлдүн сырттарында кар да, жамгыр да арбын болуп, “таштан бери чөп чыккан”.
Ошол кургакчыл болгон аймактардын бири – Алайку өрөөнү. Алайку курамына кирген Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асыранов кышка карата даярдыкта кыйынчылык көп экенин баяндады:
- Мына бир жыл аралыгында эч нерсе жаабай, эң оор акыбалда турабыз. Жагдайды облус губернаторуна да, Кыргыз өкмөтүнө да байма-бай билдирүүдөбүз. Өзүбүз да кырдаалдан чыгуу аракеттерин көрүүдөбүз. Алыс-жууктагы жердештерибизден каражат чогултуп – райондо база түзүп, престелген чөптөрдү, жемдерди чогултуп жатабыз кышка. Алайку жолунда жайгашкан Капчыгай, Ылайталаа айыл өкмөттөрүндөгү ФПСтин орулбай калган аянттарын бердирдик эле - ошо Алайкудагы айыл өкмөттөрдүн тургундары келип оруп кетишүүдө.
Андан кийин биз Алайкуга байланышка чыктык. Тактап айтканда, Алайку өрөөнүндөгү үч айыл өкмөттүн бири – Кызылжар айыл өкмөтүнүн башчысы Токтобек Аракеев кыш коркунучунан улам алайкулуктар азыртадан Каракулжа, Оштон бери пресстелген чөптөрдү ташып киришкенин, бирок чөп өтө кымбатка түшкөндүктөн көбүнүн ага алы келбей жаткандыгын айтты. Анын маалыматы боюнча, престелген чөптүн бир даанасы 80-85 сомго чейин жетиптир. Бир машинага 170 даанага чейин прести батырып жүктөшөт экен, Алайкуга келгендеги жалпы чыгымы 20-23 миң сомго түшүп атыптыр. Бул өтө эле кымбат.
Калкты кышка карата эгин, чөп менен камсыздоо Атбашы районунда да кыйынга туруууда. Аким Коногалы Мааткабылов мындай таптакыр кары жок кышты токсондогу аксакалдар да мурун-соңгу көрбөгөндүгүн, мурунку жылы райондо 8906 гектар жерге эгин айдалса, үстүбүздөгү жылы 650 эле гектарга айдалгандыгын, айласыздан азыр арыктардын жээгиндеги чөптөр да толук чабылып жаткандыгын, анча-мынча эгин-тегинди, чөп-чарды коромжусуз жыйнап алыш үчүн Кыргыз өкмөтү күйүүчү майлар менен камсыздаса жакшы болорлугун ачык айтты.
Атбашы районунун акими кыйыткандай, кыйын кырдаалда турган райондорго мамлекет тарабынан кандайдыр бир жардамдар каралабы? Суроого Айыл чарба министрлигинин алдындагы жайыттар боюнча департаменттин деректири Абдымалик Эгембердиев мындайча жооп берди:
- Алдынала көрүлчү камылга Совет доорунда мыкты болчу эмес беле. МЖСтер тоют базасын топтоп турушчу. Андай деген азыр кайдан болсун. Бирок, азыр өкмөттүн алдында дандын запасы бар. Ошондон жем катарында бериши мүмкүн.
Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асырановдун айтуусунда, кыйын кырдаалда турган райондорду жогортон – мамлекет тарабынан кышка карата камкордукка алууну эл талап кылып жатат. Бул маселе Кыргыз өкмөтүнүн деңгээлинде талкууланышын суранган кайрылуу-каттар да даярдалып жатыптыр.